» Саясат » Полковник Жеңиш Абитов рефоматор начальник катары иш алып барууда
Полковник Жеңиш Абитов рефоматор начальник катары иш алып барууда
31-март, 09:00
589 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Январь айында Жеңиш Абитов Жалал-Абад ОИИБ начальниги болуп дайындалган. Кыска аралыкта өз милдетин аткарууда туура анализ жасап, негизги көйгөйлөрдү таразалап, коомдук-коопсуздук абалды жөнгө салууда ийгиликтерге жетише баштады. Алдын ала профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, кылмыштуулуктун алдын алуу, элдин тынчтыгы менен укугуна кам көрүү аракеттери байкалууда. Замандын өнүгүшүнө жараша санариптештирүү демилгелери колго алынып, чарба жагы жолго салынып, курулуш, оңдоо иштери да аймактык деңгээлде пландалууда. Өздүк курамдын элге карата ак ниетте кызмат көрсөтүүсүн байкай алдык. Эң башкысы, полковник Жеңиш Абитов милицияга реформа жасоону башкы максат катары тутунганы кубандырат. Ар бир иштин сапатына көңүл бурганы, кылмыштуулукту ачууда ыкчам, караңгыдан көз тапкандай ишбилги аракеттерге өтүүдө. Ириде кызматкерлерге жакшы шарт түзүлсө, милициянын кадыры элдин кубаттоосу менен көтөрүлсө, мунун өзү чоң ийгилик эмеспи! Мындай жүктү Жеңиш Абитов татыктуу түрдө көтөрүп, мамлекет, калкыбыз үчүн из калтырары шексиз. Келечекке карай каарманыбыздын алдыга койгон пландары жүзөгө аша баштаса, милициянын аброюн көтөрүүгө үлгү катары саналат. Мезгил шарына жараша көптөгөн изги иштерди, реформаны күтө туралы.