Акыркы кабарлар
» Саясат » БШКга мыйзам бузуулар боюнча 56 кайрылуу келип түштү
БШКга мыйзам бузуулар боюнча 56 кайрылуу келип түштү
09-ноябрь, 17:50

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, шайлоо дайындалган күндөн тартып Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) мыйзам бузуулар боюнча 56 кайрылуу келип түштү.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан куралат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.
Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия талапкер болуп катталган. Бир мандаттуу округдардан 310дон ашуун талапкер ат салышууда.