Акыркы кабарлар
» Саясат » Каныбек Туманбаевди кандай тагдыр күтүп атты экен?
Каныбек Туманбаевди кандай тагдыр күтүп атты экен?
06-май, 16:48


УКМК төрагасынан Камчыбек Ташиев кеткени президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин таасири артып баратат. Ал “02” каймана фигурасына айлангандай... Карамагына ондогон мекеме, ишканаларды, министрликтерди каратып, өкмөттөн да таасирдүү болуп кеттиби? Ырас, ооматы келип, баарын чечип аткан соң, биротоло башбакандык кызматын минбейби? Ансыз да баарын тегиз башкарып атса, ордун мыйзамдуу таризде бекитип албайбы? Ооба, соболдор арбын, бирок элге жообу керек да.
“Экинин бири” делген Камчыбек Ташиев кызматтан кеткени суракка чакырылып, кылмыш иштеринин алкагында балээ башына үйүлдү. А эртеңки күнү Каныбек Туманбаевди кандай тагдыр күтүп атты экен?











