Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлкөбүздө жардылар дагы жарым миллионго көбөйөт

Өлкөбүздө жардылар дагы жарым миллионго көбөйөт

13-август, 10:44
508 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөлүк банк COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда быйыл жардылар жарым миллион адамга көбөйөрүн билдирди. Ал эми экономист Сейдалы Мырзакматов бул болжолго негиз бар деп “Азаттыкка” билдирген.

«Жакырлар Дүйнөлүк банк эскерткендей эле көбөйүшү толук ыктымал. Анткени, биздин экономиканын өзөгүн түзгөн «той индустриясы» токтоп калды. Биринчиден, миңдей ресторан болсо, алардын ар биринде 100дөн адам иштесе деле 100 миңдей адам жумушсуз калды. Алар жакырланды десек болот. Экинчиден, ошол эле ресторандарда той болгон учурда жашылча, мөмө-жемиш, жер-жемиш сатылчу, ал алынбай калып, өндүрүүчү дыйкандар кирешесинен кол жуушту. Бул элет жергесиндеги миңдеген адамдарды жакырлантты десек болот. Туризм болгон жок, ал да таасир этет. Мигранттар жылына эки миллиард доллардан ашык акчаны сырттан которушчу, быйыл ал да азайса, ошол акчага жан баккан тургундар да жакырлардын катарына кошулушу мүмкүн» деди ал. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер