Алманбет Шыкманбетов менен Назира Айтбековнанын сырдашуусу
-- Тимеле окшошуп отуруп алганыбызды кантели? Интервьюну монтаждап келип, көргөзүп аткандагы кербез. Кафе ызы-чуу. Чала-бучук чыккан үнүн уга албай убарабыз. “Сонун съемка жасап келдик” деп ичибизде кудуңдаган кубаныч бар. Маектин арты менен далай адамдын энергиясын, жандүйнөсүн көрүүгө, аны элге көрсөтүүгө өбөлгө түзүлүп атат. Саясатчылар болобу, сахна адамдары болобу, сырттан билгеним менен жандүйнөсүнө сүңгүп, жакындан эч кимисин тааныбаптырмын. Ар бир адамдын ааламын ача келсең, өзүнчө бир чоң дүйнө жатат. “Жаман адам жок. Жөн гана жаман адаттары бар”... Жакшы айтылган кеп.
Алманбет мырзаны сырттан карап, “менден бетер бапылдаган кандай неме?” дедим. Бирок кепке тартып, жандүйнөсүн ача келгенде, сонун адам болуп чыкты. Чыныгы жүзүн көрсөттү. Бапырактап, шамалдай шуулдаган, куюн болгон байкенин ары жагында жөнөкөй, ата-эненин мээримине зар болуп өскөн, ар кыл жолу бар адам чыкты. Баарыбыз бетибизге башка адамды жамынып, жандүйнөдөгү чыныгы жүзүбүздү жашырат экенбиз. Беткапты алып, дүйнөсүн сууруп чыгуу мага жакты. Чыныгы жүзүңөр кандай сулуу?! Аны эмнеге жашырабыз? Бирок...