Акыркы кабарлар
» Коом » 40 күн өттү. Чек арада каза болгондорго куран окутулду
40 күн өттү. Чек арада каза болгондорго куран окутулду
26-октябрь, 19:26

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 63 жарандын каза болгонуна 40 күн өттү. Буга байланыштуу бүгүн, 26-октябрда Баткенде шейит кеткендер эскерилип, куран окулду. Маалым болгондой, эскерүү иш-чарасына президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдүшүкүр Нарматов жана облустук мекеме ишканалардын жетекчилери, район акимдери, каза болгон жарандардын жакындары катышты.










