Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Жамиля Исаеванын мыйзамын карайбыз”

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Жамиля Исаеванын мыйзамын карайбыз”

09-июнь, 09:00
733 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тазабек мырза, сиз комитеттин жыйынында TikTok аркылуу сөгүнгөндөрдү жазалоону сунуштадыңыз. Сиздин оюңузча, ошондой чаралар абалды оңдой алабы?

-- Бүгүн депутат Жамиля Исаеванын балдарды интернеттеги терс маалыматтардан коргоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан каралат. Мен ошол долбоорго айрым сунуштарды берип кеттим. Бүгүнкү күнү өзүңүздөр көрүп атасыздар, TikTokко экиден чыгып алышып, бири-бирин уят сөздөр менен сөгүп аткан учурлар бар. Фейсбук аркылуу мас болуп алып, бири-бирин сөккөндөр болууда. Алардын ким экени көрүнүп турат, даректери бар. Ошондуктан, мен аларга айып пул салууну сунуштап жатам. Алар экинчи ошентип жаман сөз оозанбагандай кылыш керек. Көбү азыр эч кандай жаза албай калып атпайбы. Ошондон улам жанагындай көрүнүштөр кайра-кайра кайталанууда. Интернет деген чоң нерсе да. Аны көргөн жаштар кандай тарбия алат?

-- Айып пулдун өлчөмү канча болуш керек?

-- Мен 50 миң сом деп сунуштадым. Кесиптештерим да өздөрүнүн сунуштарын айтышат го. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер