Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Биздин илимдер академиябыз жөн эле аморфтуу болбошу керек да”

Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Биздин илимдер академиябыз жөн эле аморфтуу болбошу керек да”

16-май, 17:38
648 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улугбек Зулпукарович, билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүндү. Кандай дейсиз, мындай кайра куруу жакшы натыйжа береби?

-- Азыркы санариптештирүү, ааламдаштыруу маалында бул туура эле кадам болду. Жогорку билим, анан илим өзүнчө болгону туура. Чынында эле билим берүү жана илим министрлиги өтө чоң министрлик болчу. Кечээ мен жаңыдан дайындалып жаткан министрге да айтымРоссияда илимдер академиясы менен жогорку окуу жайлардын, өндүрүштүн бир байланышта болгондугу көп жетишкендиктерге алып келип жатат. Биз дагы ошого келишибиз керек. Биздин илимдер академиябыз жөн эле аморфтуу болбой, илимий ачылыштар өндүрүшкө өздөштүрүлүп, биздин экономикага салымын кошушу керек. 

-- Чет өлкөлөрдө илимий изилдөө мекемелери негизинен университеттердин алдында болот экен...

-- Маселе ошондо да. Биз муну эми баштадык. Түркияда университеттердин алдындагы клиникалар кандай жетишкендиктерге жетишип атышат! Мен иштешип көрбөдүмбү. Ушул эң туура кадам экен. Окуу жай өзүнчө бөлүнүп калбай, өзүнүн клиникасы менен илимди да кошо алып кетүүдө

-- Акыркы кездерде “илимдер академиясы натыйжасы аз мекемеге айланып калды деген да талаш пикирлер айтылууда. Сиз буга кандай карайсыз?

-- Бизде илимдер академиясы менен жогорку окуу жайларды, өндүрүштү бир чынжырга байламайынча жетишкендик болбойт. Ошондо гана академиктердин, окумуштуулардын ойлоп тапкандары натыйжа берип, мамлекетке пайда алып келе баштайт.    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер