Акыркы кабарлар
» Саясат » Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин шиши толдубу?
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин шиши толдубу?
13-июнь, 22:28

Мүлдө кыргыз эли карап отурат. Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев адилеттүү сөзүн айткан Эрулан Кокуловду кагып-силкип, аягында залдын артына ээрчитип кетти. Эмне өлтүрүп салабы? “Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат” дейт. Бул эргул бийликке кошомат кылып, анан эркин оюн билдирген депутаттарга чоңсуна береби? Сырттан жаман көрүнөт экен. Өзүнө эле шек кетүүдө. Ал эми Эрулан дайыма чындыкты, калыстыкты сүйлөйт. Ачуу айтат. Ошон үчүн 20 миңге жакын добуш алып келген эмеспи. Сыдыгалиевдин кандай колдоого ээ болгонун билбейбиз. Кызыгы, таасирдүүлөрдөн таяныч таап алып, анан ашына берүү жарабас. Жасалма түрдө өзүн кыйын көрсөтүп атканы менен көөдөнү көңдөй беле?
"Азия Ньюс" гезити