Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урмат Акунов: “Акылбек Жапаровдун кыргыз элине пайда апкелерине ишенбегиле”

Урмат Акунов: “Акылбек Жапаровдун кыргыз элине пайда апкелерине ишенбегиле”

22-июнь, 12:58
2 215 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Урмат иним, Кыргызстандагы саясый абал тууралуу кыскача оюңду уксак?

-- “Кыргызстанда баары жакшы” дегенден аябай алыспыз. Элибизди кымбатчылык каптап, төрт сабиздин баасы 100 сом болду, башкасын айтпай тек коёлу. Мындай кымбатчылыкты карапайым адамдар көтөрө албай баратат. Ошол эле маалда бийлик бул боюнча эч бир чара көрбөй атканы жан кейитет. Өлкөнүн ички жана тышкы саясаты да ойдогудай эмес, кооптуу абалда турабыз. Тажикстан менен чек ара маселеси да жакынкы кезде чечилерине элдин көзү жетпей турган чагы.

-- Саясатчылардын камалып атканы туура элеби?

-- Бүгүнкү күндө мамлекет башчылары жаңы багыт менен кетиш керек эле. “Камадык, кармап атабыз” деген болбогон нерсе. 2010-жылдагы Атамбаевдин жолуна түшүп алышты. Ошол эле өч алуу, өчөшүүнүн үстүндө иш алып барып аткандай таасир калтырууда. Бийлик башындагылар ушундай шанс, үмүт менен келгенден кийин “экономика, социалдык, айыл чарба, чек ара, туризм дагы-дагы толуп жаткан көйгөйлөрдү кантип чечебиз?” деген багытты тандап алышканда элдин да жаңы бийликке болгон ишеними пайда болуп, көз караштары түз болмок. Камалуунун арты эрегишүү менен аяктап атат...

-- Кумтөрдүн иликтөөсү кыргыз элине пайда апкелеби?

-- Кумтөрдүн иликтөөсүнө кайсы бир жаңы күчтөрдү тартса болмок. Мурун башында жүргөн Акылбек Жапаров канча долбоорлор менен иштеди, ар бир келген бийликке демилгечи болуп жүрдү. Бирок, бир да иши аягына чыккан эмес жана чыкпай эле келет. Бүгүнкү иш боюнча да аягына чыгарына көзүм жетпейт. Акылбек Жапаровго болгон ишеничим такыр жок. Кыргыз элине кызмат кылбайт.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер