Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолдошбек СУЛТАН уулу: “Менде 84 минерал, 17 аминокислота, 16 фульбокислота, 16 түрдүү витаминдер камтылган дарылар бар”

Жолдошбек СУЛТАН уулу: “Менде 84 минерал, 17 аминокислота, 16 фульбокислота, 16 түрдүү витаминдер камтылган дарылар бар”

06-ноябрь, 23:05
2 877 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тамыр кармап, табыпчылыкта алектенген Жолдошбек Адыраңов менен  (Жолдошбек Султан уулу) маек кылдык. Тайларынан өткөн бул касиетти кастарлап, нечендеген бейтаптарга шыпаасын тийгизген каарманыбыз алгач Швецияда Веда билимин андан кийин Индия мамлекетинде Аюрведа университетинде билимин такшалтканын жана азыркы учурда рак, кант диабети ж.б. толуп жаткан илдеттерге шыпаасын тийгизип атканын айта отурду.

-- Жолдош мырза, тамырчы, табыпчылык касиет ар кимде боло бербейт. Болсо да Жараткан берген уюткулук болбосо, аны алдыга жылдырып алып кетүү оңойго турбайт...

-- Бул биздин каныбызда бар экен. Тайлар жактан келаткан касиет. Таенебиз дары чөптөр менен адамдарды дарылап калчу. Өз атам да убагында салттык эмес медицина жагына ыктап, ар кандай тундурмаларды бейтаптарга берип, бир заматта сакайтып койчу. Бала кезде мен да бул ишке абдан кызыкчумун. 1981-жылы атабыз боорунан айыкпас дартка кабылып, аркы дүйнөгө узап атканда “ушул ооруну изилдеп, айыктыруу жолун табам” деп өзүмө сөз бергем. Ошол тилегим ишке аштыбы, салттык эмес медицина жагына ооп кеттим. 

-- Салттык эмес медицина менен шугулданган адам да билимге сугарылбаса, натыйжалуу көрсөткүчкө жете албайт эмеспи. Ушу жаатта эмне дейт элеңиз?

-- Швеция мамлекетинде  төрт жыл Веда (индуизмдин санскрит тилинде жазылган байыркы ыйык жазуулар топтому боюнча) билимин алдым. Андан кийин  Аюрведа (аюрведа – индия медицинасынын салттуу системи, альтернативдүү медицинанын бир түрү) университетин бүтүп, ошол жерде көп жыл иштедим. Аюрведиа медицинасынын доктору деген наам алдым. Байыркы Веда философия илимин да өздөштүрүп, бакалаврын аяктап, доктору да болдум. Жогорудагы алган илим-билимимди колдонуп тамырчылык касиетиме айкалыштырып бейтаптын түпкү дартын аныктап, аны кандай жолдор менен дарылоо сунушун кылабыз.  Көбүнчө ооруканадан чыгарылып, айласы кетип, илдети өтүшүп кеткендер кайрылышат. Албетте, мындай учурда мага деле оор. Тагдырын мага тапшырып аткандан кийин колдон келген баардык аракеттеримди кылып, бир топ кишилерди, анын ичинде рак ооруларын, ар кандай комага түшүп калгандарын марва точкаларын укалоо менен активтештирүүнүн натыйжасында айыктырдык. 

-- Сизге кайрылып аткан бейтаптардын басымдуу бөлүгү кайсы илдетке кабылып аткандар болуп атат?

-- Илгери союз убагында андай коркунучтуу оорулар көп жок эле. Азыр оору жашарды. Бешиктен бели чыга элек жаш балдар ооруп атат. Кан басымы көтөрүлүп кеткендер, ар кандай шишик оорулары, кант диабети менен жабыркагандар көбөйдү. Айрыкча Кыргызстанда өпкө илдетине чалдыккандар арбып атат. Дарттын сырын, себептерин билгендиктен аны айыктырууга чоң мүмкүнчүлүктөр болот. Мага кайрылган бейтаптардын 80-90 пайызы саламаттыгы калыбына келип, өз учурунда ыраазычылыктарын билдиришти. 

-- Бир эле укалоо жолу мененби же дары-дармек да бересизби?

-- Азыркы табыпчылыктын, элдик дарыгерчиликтен айырмасы – бул биздин эле тоо-ташта өскөн табыгий дары чөптөрү, анын тундурмасы менен шыпаасын келтиребиз. Өзүңөр билгендей, заманбап технология менен жасалган дары-дармектер бир органды дарыласа, экинчи жагына терс таасирин берип атпайбы. Ал эми биздики андай эмес. Адамдарга зыяны жок. Мындан тышкары, туура тамактануусу, кыймыл-аракеттерди туура жасоо, ниет, пейилин, оюн, сөзүн оңдоо боюнча кеңештеримди айтам. Анткени, көптөгөн ооруларындын пайда болушуна ошол эле таарыныч, адамдардын ортосундагы жагымсыз мамилелер себепчи болот. Мындан сырткары, эң биринчи адамдын ичеги-карындарын тазалоо иштерин жүргүзөбүз. Он эки эли жоон ичегиде катып калган заңдардын кесепетинен көптөгөн оорулар пайда болот. Мите курттардан арылтабыз. Кан тамырларыбыз да убакытттын өтүшү менен тазаланууга муктаж болот. Муну да жөн калтырбайбыз.

-- Кыргыздар сыркоолоп, төшөккө жатып калгыча доктурга көрүнбөйт. Көрүнгөн учурда да “баасы канча экен?” деп сурайт эмеспи. Ошол сыңары, сиздин кызмат акыңыз канча турат?

-- Орчундуу суроо экен. Биринчиден, ден соолугу сакайган адамдар башка адамдарга айтышат. Биринен бири угуп келишет. Өтө эле чоң сумманы койбой,  “өзүңөрдүн ниетиңерден, пейлиңерден чыккан каражатыңар мага жетиштүү” дейм. “Баланча же түкүнчө акча болот” деп айтпайм. Бирок, кардарлар билишет. Көргөнүмө, болгон нерселерди айтып бергениме, ар кандай сунуштарыма миң сом берип жүрүшөт. Негизги каражат дары-дармектеринен түшөт. Алар заманбап табыгий дары чөптөрдөн турат. Мындан сырткары, жердин ширесинен алынган, жөнөкөйлөтүп айтканда, биздин тоолорубуздагы мумие, анын үч түрү: тоо-таштагы кара мумие, ак мумие жана жердин алдындагы көлкүлдөп жаткан мумиелор болот. 84 минерал, 17 аминокислота, 16 фульбокислота, 16 түрдүү витаминдер табылып, ушуларга алтын, күмүш, платина кошулуп жасалган ушундай бир сонун дарылар бар. Сибирдеги кызыл дарактын тамырынан алынган “Дигидрокверцетин” – дүйнөдөгү эң күчтүү антиоксидантты колдонуу менен көптөгөн оорулардын алдын алып, көптөгөн дарттарга шыпаа болчу касиети бар, ушуларды колдонуу менен, андан сырткары, өзүмдүн ар кандай чөптөрдөн, алтын тамырларды колдонуу менен кант диабетин айыктырып жүрөбүз. Баардык илдеттерге шыпаа берет.

-- Дары чөптөрдү кайдан чогултасыз?

-- Кыргызстандын баардык аймактарында бар. Басымдуу бөлүгүн Ак-Сай жайлоосунда, Кел-Сууда топоз тамыр, мумие ж.б. чөптөрдү чогултам.  

-- Бейтаптар сизди кайдан тапса болот?

-- Исанов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Альфа Вита” кеңсесинен тапса болот. Тел: 0559-30-59-10, 0700-02-10-71.      


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ  

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер