Калыгул олуянын болочок заманга кайгуул салганы
Биринчи макала
Калыгул Бай уулу 1785-жылы дүйнөгө келип, 1855-жылы Ысык-Көлдө жарыкчылык менен коштошкон кыргыздын улуу ойчул акыны. Ал учурунда болочок заманды болжоп, алдын ала айткан көрөгөч касиетинен улам эл ичинде «олуя Калыгул», «акылман Калаке» аталган жана атак-даңкы канатташ түрк элдеринин арасына чейин тараган. Ал ырларын башка төкмө ырчылардай обонго салып, комуз менен коштоп аш-тойлордо ырдабаган. Чыгармаларын көбүнчө чечен сөз түрүндө макалдатып, санат-насыят катарында айткан. Тоталитардык системанын үстөмдүгүнүн тушунда Калыгул айтылуу «Замана адабиятынын» өкүлү катары идеологиялык жактан айыпталып, чыгармаларын үйрөнүүгө тыюу салынып келген. Ушундай жагдайдын айынан даанышман инсандын философиялык-этикалык мазмунга карк көркөм мурастары кийинки муундар арасында белгисиз болуп, окумуштуулар тарабынан изилденбей, үйрөнүлбөй, «кара сандыкка» катылып келди. Бүгүнкү демократиялык системанын шартында гана Калыгулдун чыгармачылыгын ар тараптан кеңири үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат.
Бизге жеткен тарыхый кабарлар Калыгул чечендин оозунан нуска кеп, накыл сөздөр, санат-насыят таруудай чубуруп, кумдай куюлуп тургандыгын маалымдайт. Мунун чындыгын Калыгулдун «айткан сөзүм түгөнбөйт, Ысык-Көлдүн көлүндөй, барган сайын дүркүрөйт» деген өзүнүн сөзү да ырастап турат. Даанышман өзүнүн акыл-насааттарынын эл журтка зарыл экендигин, ал насааттардын эл ичинде жатталып айтылып, өмүрү узак болорун, бир кезде “Калыгулдун сөзү” деп урпактар эстешээрин («Ошо кезек бир кезде, айткан кебим иштешер, ошондо мени эстешээр») да алдын ала айтып өткөн. Терең баамдап карасак, Калыгулдун сөздөрү бүгүн биздин адеп-ахлагыбыз үчүн жол көрсөтүп күйүп турган чырак сыяктуу. Осуяттардын жамаат үчүн маанисин Калыгул өзү да минтип таамай айтып кеткен: «Акыл-макал экөө бирдей келер, ал экөөнүн айтканы күндөй тийер». Эмесе, ошол пенделер жолуна жарык чачкан насыяттарга көңүл оодаралы.
1.
Бүгүнкү Түркстан аймагындагы табият жана рух экологиясынын чоо-жайына тигилип караганда, аргасыздан акылман Калыгулдун болочок заманга кайгуул салып, алдын ала айткан олуя божомолу эске түшөт. Калыгул көрөгөчтүн айтып турганы бул:
Калк кысылар,
Заманың бузулар,
Тоо токол болор,
От чыкпай жериң такыр болор,
Ошол заман жакын болор.
Карыядан каада кетер,
Уулдан урмат кетер,
Келиниңден келбет кетер,
Кыздан кылык кетер,
Атанын тилин уул албас,
Аганын тилин ини албас.
Ой кетет, Калыгул ушул болочок божомолун эмнеге негизденип айтты болду экен? Белгисиз күч түшүнө аян бергенби, астыртан кулагына шыбыраганбы? Же болочокто болор ишти тубаса көрөгөчтүгү, гениалдуу сезими менен туюп койгонбу? Же ислам дининдеги «акыр заман» идеясынан чыгып, ой жоруганбы? Болбосо, европалык цивилизациянын, христиан баскынчыларынын Борбор Азияны карай жутунуп келаткандыгын көрүп туруп, ошо чоочун цивилизация менен кездешкенден кийин Ала-Тоо аймагында не болуп, не коёрун алдын ала көрүп, болжол кылганбы? Киши баласынын жаратылышы татаал, карама-каршылыктуу го. Көрпенденин ичинде терс башталма да, оң башталма да, периште да, шайтан да отурат деп келатышпайбы. Акылман Калыгул кишинин ушул карама-каршылыктуу түпкүрүн шыкаалап көргөн белем. Анан бара-бара жанагы ичтеги шайтандын арааны көбүрөөк ачылып, өз тулкусунда отурган өзүмчүл, кара жемсөө, агрессивдүү инстинкттердин, чек билбеген каалоо-кумарлардын жетегине түшүп, кутурган шайтанын ооздуктоого күчү жетпей, ошол алсыздыгынын айынан жүрө-жүрө пенде заттын бир балээге кабыларын Калыгул атабыз алдыртан баамдап койгонбу?
Эмнеси болсо да, илгерки Калыгулдун келечекти жоруп айткан сөзү бүгүн чынга чыгып отурат. Түркстандын жаратылышын, экологиясын эле алалычы, талааң такыр болбой, тооң токол болбой эмне болду? Өзүбүздүн аймактан чыгып, тетигиндеги Арал деңизинин тагдырына эле көз чаптырып көрөлүчү. Эмне деген тозок, эмне деген трагедия? Ал эми аймагыбыздагы рух экологиясы, адамдардын адеп-ахлак саламаттыгы кандай болду экен? Тышыбыз бузулса да, ичибиз аман-эсен болгой эле. Тилекке каршы, ички экологиябыз дагы жетишерлик булгангандыгын моюнга албаска чара жок. Албетте, калайык-калкыбыз адеп-ыймандан түгөл кол жууп, үйүн шайтанга толук ээлетип ийди дегенден алыспыз. Түптүү элибиздин рух казынасында түптүү адеп-ахлак нарктары түгөнүп, соолуп калган жок. Көрөңгөбүз жоголгон жок, бар. Бирок ошондой болсо да, аракечтик, баңгилик, коррупция, ата-энени карылар үйүнө өткөрүү сыяктуу фактылар арбып, моралдык кризиске кабылганыбыз чындык.
Кыргызда «аял – үйдүн куту, очоктун куту» деген сөз бар. Ала-Тоодо кыз бала, аялзаты ар убакта сулуулуктун, аруулуктун, тазалыктын, адеп-ыймандын символу катары эсептелип келген. «Кыздын кырк чачы улуу» деп кыргыздар кызды сыйлаган. Биздин ак элечек ургаачылар дайыма ошондой сыйга жана ишенимге татыктуу болуп келишкен. Ал эми азыр абал кандай? Абалдын жаман жагына өзгөргөнүн күндөн-күнгө ачыкка чыгып, көбөйүп бараткан жийиркеничтүү сойкулуктун өзү эле көрсөтүп турбайбы. Кыз-келиндер арасында өсүп жаткан башка ар кандай кылмыштуулукту айтпай эле коёлу. Акылман Калыгул божомолдогондой, бүгүн кемпирден каада кетти, келинден келбет кетти, кыздарыбыздан кылык кетти, карыядан каада кетти.
Жакшылап үңүлүп карап көрсөк, Калыгул улуу моралист болгон. Ал кытайдын Конфуцийи сыяктуу эле жааматтагы, коомдогу туруктуулукту, бекемдикти, бейкутчулукту мал-мүлк, дүнүйө-оокат, байлык эмес, мораль, наркы бийик аруу адеп-ахлак сактайт деп эсептеген. Ал заманда мындай ишенимге бир жагынан негиздер болгон. Кандайча? Төмөнкү жагдайга көңүл буралы. 1855-жылы Жети-Өгүздө туулган Талып Молдо Кыргызстан Россиянын курамына кире элек кездеги ак калпак журттун адеп-ахлак жайын мындайча мүнөздөгөн: «Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табигый абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыянат кылуу, убадасын бузуу, бузуктук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман. Ошондой жагымсыз иш кылган кишини катын-балага чейин жаман көрөр эле. Эл куулукту билчү эмес. Ал убактагы журттун бай-жардысы, кары-жашынын баарысынын барга-жокко каниет кылуусу. Бир кишинин буйругунда ынтымактуусу. Көчсө-консо бүтүн журт бүт козголуп, чычкак улагын таштабай чогуу алып жүрүшү. Жарды-жакырга жардамдуусу. Конокко, мусапырга сыйлуусу. Зарыл болгондо колдо барын аябаган жоомарттыгы. Ырчыга тогуздап бергени. «Сен бай, сен жарды» дебегени. Ачкөзсүздүгү. «Ачкага аш, жылаңачка тон, жөөгө ат аяба» деп, четтен жөө келген календер болсо да түшүп атын бергени. Жоого өлгөнчө кайраттуу эрдиги. Элдешкен журтка бир туугандай ынтымагы. Бузук кылганды тыйганы. Чын сөздүүсү. «Тили буруу болбо, ата-бабаңдын тилин бузба, кийимиңдин түрүн бузба» деп өз улутун сактаганы. Айла-алдоо не экенин билбегени. А эгер бир кишиден (эркек же ургаачы болсун) жогорку айтылган жакшы сапаттардан бир кемчилик көрсө, баарынан да жаман иши билинсе, бардык журт ал ант ичсе да ишенбегени. Мына ушуларга окшогон жакшы кылык-жоруктарын айта берсем сөз узарат (Талып Молдо. Кордолгон заманда. «Ала Тоо», 11-127-бет.).
Талып Молдо сүрөттөгөн ушул нраваларды көз алдыга элестеткенде япон режиссеру Акира Куросаванын «Өткөн тарыхты карап арылаган сайын адамдар ошончолук ири, нравалуу, алар бизден жакшыраак» деп айтканы эске түшөт. Ырасында эле бүгүнкү цивилизациянын кунары, берекеси кеткен моралына караганда, көрүнүп тургандай, илгерки чоң энелерибиз менен чоң аталарыбыздын адеп-ахлагы кандай салмактуу жана нарктуу болгон! Дүйнөнүн бир катар атактуу ойчулдары табият менен биримдикте жашаган ушу кыргыздыкындай илгерки коомду адамзаттын кайрылгыс болуп өтүп кеткен «алтын кылымы» деп да аташып, ал кездеги рух-ыймандын татыналыгына суктанышып, кээде «Алтын кылымды карай артка!» деп ураан ташташканын да эске түшүрөлү. Маселен, француз философу Жан Жак Руссо акча-товар мамилелерине негизделген буржуазиялык прогресстин доорундагы адамдардын баюу үчүн пайда, акча, байлык, бийлик деп араанын ачып акактаган алдым-жуттум жорук-жосунуна, кооз чүмбөткө жамынган эки жүздүү, жасалма жүрүм-турумуна, өзүмчүлдүгүнө жана башка нравалык илдеттерине караганда, жаратылыштын кучагындагы цивилизация бузбаган мурдагы табигый, таза, жогору санагандыгы белгилүү.
Ырас, ашыкча кеткен да болбос, «каранын ичинде ак бар, актын ичинде кара бар» дегендей, анткен менен Талып Молдо баян кылган тарыхый доордун да өз бөксөлөрү болгон. Коллективисттик принципке негизделген ал кездеги жашоонун, маселен, бир эле «адам укугу» «инсан суверенитети» өңдүү категориялар менен ойлонбогондугун эске алсак, ошол замандын өксүк жактары да акырындап «куралданган көзгө» ачык болуп чыга келет. Бирок, анткен менен моралдык кризиске тушуккан капиталисттик коомдун коммерциялашкан нраваларына караганда, Талып Молдо айтып отурган кечээки көчмөн жамааттын рух-ыйман, адеп жагынан омоктуулугу, артык сапаттары көрүнүп эле турбайбы. Бекеринен бүгүнкү акын төмөндөгүдөй деп күйүп-бышып жазып жатпаса керек:
Айтчы мага ачык сырың прогресс,
Калыс болсун экөөбүзгө акыл-эс.
Синтетика деген сенин дүнүйөң,
Артык неси ак коюмдун жүнүнөн?
Неси жакшы сенин цемент тамыңдын,
Күн жыттанган кыргыздын боз үйүнөн?
Кулак жарган музыкаңдан тажадым,
Айланайын комузумдун үнүнөн.
Миң эсе артык белдердеги бетегем,
Шаардагы жасалма өскөн гүлүңөн.
Айлансынчы, акылды алган арагың,
Бабам ичкен ак боз бээнин сүтүнөн.
Жерге-сууга зыян кылбай жашагам,
Акыл сурап табияттын өзүнөн.
Неге кеттим киргил аккан дайрага,
Журт которуп ак булактын көзүнөн?
Карайлычы кечээки өткөн бабама,
Өмүр өткөн ак боз үйлүү айылда.
Азга сабыр, барга топук кылган да,
Майдаланбай күн кечирген жай гана.
Кези келсе үйүн, биртке оокатын,
Кете берген ат-төөсүнө артына.
Ден соолугун, ак жоолугун байлык деп,
Жашай билген жетип өмүр баркына.
Атаң көрү, бу опосуз дүйнө деп,
Кызыкпаган акча менен алтынга.
Кызыккан ал адеп-ахлак наркыңа,
Бекем турган адамчылык шартына.
Ажал келсе кете берген акырын,
Ыр, дастанын таштап сүйгөн калкына.
Мындай жашоо өзүнчө бир жол тура.
Терең маңыз, бай мааниге толтура.
Мына көргүн: көчмөн философия!
Эмесе, буга келели. Сөз башында суроо койдук эле, дагы собол коюп, конкреттүү жооп издейли. Келечекти болжоп айткан, олуя атанган Калыгул өз кезегинде, азыркы тил менен айтканда, цивилизация бузбаган ата-бабалардын ошондой таза адеп-ахлагынын, тоо арасындагы бейпил жаткан нравалардын күндөрдүн бир күндөрүндө бузулушу мүмкүн экендиги, өзү айткандай «тоонун токол болору, карыядан каада, уулдан урмат кетери» жөнүндөгү ойго кандайча келген? Мунун реалдуу турмуштук-социологиялык себептери болгонбу же элде айтылып жүргөндөй, акындын ийнинде отурган айтып берүүчүсүнүн жасаган ишиби?
Маселенин жөнүн мындан көргөнүбүз оң. Ала-Тоону аралап өткөн Улуу Жибек жолу менен жүрүп, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына барган кербендер, саякатчылар, соодагерлер аркылуу кыргыздын узун кулак адамдары дүйнөнүн ыраак-жакын аралыктарында өтүп жаткан окуялардан, коомдук-саясый, социалдык-экономикалык процесстерден анча-мынча, учкай, үстүрт болсо да кабардар болуп турган. Калыгул чечен жашаган тарыхый мезгилде кыргыз-казак ичинен Орусияга каттаган адамдардын саны акырындап арбый баштаган. Бир сөз менен айтканда, алыскы-жакынкы христиандык аймактардагы экономикалык-маданий, техникалык прогресстин жетишкендиктеринин айрым оң жана сол жактары, ал тараптагы нравалардын абалы жөнүндөгү кабарлар жалпысынан айың кеп, аңыз сөз, көргөн-билгендердин жомоктоп айтканы катары Түркстан чөлкөмүнө, анын ичинде кыргыз жергесине да үзүл-кесил жетип турган. Бекеринен Калыгул төмөнкүдөй деп ырдаган эместир:
Калайыкты бийлеген,
Аял чыгат деп уктум,
Албан түрлүү ушундай,
Заман чыгат деп уктум.
Кийин чыккан адамы
Илим билген амалдуу,
Аяр чыгат деп уктум.
От араба, дилгирем,
Жол кыскарат деп уктум,
Этек-жеңи чолоюп,
Тон кыскарат деп уктум.
Калыгул өзүнүн бөтөнчө жөндөмдүүлүгү, зиректиги менен өз чөйрөсүнөн өйдө көтөрүлүп чыккан, «өз үйү, өлөң төшөгүндөгү» жана алыскы-жакынкы жерлердеги жакшы-жаман нерселерди салыштырып, ой чуркатып, замандын багытына, келер келечек тарапка кайгуул салып турган өзүнчө бир акылман, көрөгөч саясатчы-идеолог болгон. Аны кыргыздын Жан Жак Руссосу деп айтсак да болор эле. Айтмакчы, ал ошол Руссо өңдөнүп, Ала-Тоо ичинде жатып алып, уккан-билгендерин өзүнчө акыл талкуусуна салып, ой жүгүртүп отуруп, өзүнүн гениалдуу интуициясы менен алыскы чоочун аймактарда илгерилеп кетип бараткан христиан цивилизациясынын терс жактарын баамдай алган. Өзү маселдетип ырга салгандай, «тегиз жерден тегирмен жүргүзгөн, жыгачтан ат минген» өнөрү (арабаны айтып жатат), «темирден кылган жатуучу тактасы, алма, өрүк, жер-жемиш бакчасы» болуп, «илим билген амалдуу» болсо да, Калыгул Руссо сыяктанып, ошол Орто Азия тарапка обдулуп турган чоочун коомдун адеп-ахлагындагы «тууган тууганга кас болгон, биринин тилин бири албаган, аганын тилин ини албаган, улуунун тилин кичи албаган, атанын сөзүнө бала кулак салбаган» жорук-жосунун тескери баалап, мындай көрүнүштөрдү «куу замандын», «шум замандын» белгиси деп эсептеген. Ал «куу замандын» адеп-ахлагындагы ушул өңдүү кунарсыз, бейадеп көрүнүштөргө салыштармалуу карап, ойлонуп көрүп, андай шум коомдун «түрлүү-түрлүү алаамат жоругунан» көрө, кыргыз жамаатынын баласы атасын сыйлаган, уулу урматтуу, кызы адептүү, келини келбеттүү, кемпири сөөлөттүү, карыясы каадалуу, бири-бирине күйүмдүү, жоомарт, уюган ак жуураттай адебинин артык экенин көрөгөчтүк менен туюнган. Калыгул ак калпакчандар менен ак элечекчендердин мына ушундай адеп-ахлагын тыштан келчү чоочун жат таасирлерден коргогусу, канатынын алдына калкалагысы келгендей. Ал ата-бабалардын моралынын күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багытталгандыгын ичинен терең туюнбай койгон эмес. Ойлоп көрөлүчү, алатоолук журттун жанагындай илгертен келаткан ата-энени урматтоо адеби, меймандостук салты, өйдөкү Талып Молдо жазып көрсөтүп отурган адамдык асыл касиеттери, анан жанакы Ата журтту коргоодогу кайраттуу жигери, улутун сактаган мекенчилдиги кандайча түбөлүктүү мүлк болбой койсун. Калыгул кыргызды кыргыз кылып турган, ак калпак улутту улут кылып турган дал ушул жогоркудай уюткулуу адеп-ахлак асыл нарктары экендигин түшүнгөн. Эгерде «түрлүү-түрлүү алаамат жоругу бар» куу заман тегеренип жүрүп отуруп, Ала-Тоону да баса турган болсо, кыргыз баласы ата-бабалардан бери келаткан жанагындай кундуу адеп-ахлагынан ажырай турган болсо, анда кыргыз кыргыз болбостугун, куттуу жергеге «уулу атасын билбей, атасы баласын билбей, анасы баласын билбей, кызы анасын билбей», «ыгы жокко жан берип, ыйманынан жат болгон», «этеги жок, жеңи жок чапан чыккан», «жер такыр болгон, тоо токол болгон» опосуз заман келмек деп Калыгул келечекке болжол кылган. Мындай футурологиянын, акындын болочок болор заманга дүрбү салып, алдын ала болжол кылганы акыры жүрүп отуруп көп жагынан чын чыккандыгын сөзүбүздүн баш жагында табият экологиясында жана руханий-нравалык тармактагы кыямат көрүнүштөрдүн мисалында көрсөтүп өткөнүбүздү эске түшүрөлү. Мындай кризис, моралдык кыямат Калыгул урматтаган жана насыяттаган уят-абийир салттарын ыйык тутпай калгандыктан жана топуктуулукту унутуп, материалдык байлыкты культ кылып, анын артынан акактап жүгүргөндүктөн улам келип чыккандыгын баамдабай коюуга болбос.
Илгери улуу сынчы Белинскийдин «ооба, уста болобуз, слесарь болобуз, фабрикант болобуз, а бирок өзүбүз адам бойдон калар бекенбиз?» деп тынчсызданып айткан сөзү бар. Калыгул да кишинин билимдүүлүк, чарбакерлик өнөрүнөн, «тегиз жерге тегирмен жүргүзгөн» айлакерлигинен мурда да, биринчи иретте, анын адамдык касиетинин, адамдык нарк-насилинин, ыйман-адебинин маанилүүлүгүнө көңүл бурган. Дагы бир жолу айталы, ал коомду мораль сактайт деп ишенген. Моралдан ажыраган чакта урматы кетип, уул уул болбой калганда уяты кетип, ата ата болбой калганда сөөлөтү кетип, кемпир кемпир болбой калганда кымбаты кетип, кыз кыз болбой калганда, салт салт болбой калганда, жамаатта «акыр заман» келип чыгат деп түшүнгөн. Коом бүлүнүп бузулбаш үчүн эң биринчи иретте калайык-журттун кылымдарды карытып жашап келе жаткан түптүү адеп-ахлак эреже-салттары катуу сакталышы керек. Калыгулдун бүтүндөй санат-насыяттарынын логикасынан объективдүү түрдө агып чыккан этикалык-философиялык тыянак ушундай.