Рита Карасартова, укук коргоочу: “Кызыктын баары Кемпир-Абад сотунда болот”

-- Рита айым, Кемпир-Абад боюнча жаңылыктын чордонун сиз гана жакшы айтып берсеңиз керек...
-- Былтыр, 2022-жылы 23-октябрда кармалганбыз. Сегиз ай убактылуу кармоочу жайда жатканда тергөө болуп атты. Чынын айтканда, болгону 6-7 суроо берилди. Эң эле чоң маселе 22-октябрь күнү баарыбыз кафеде чогулуп, “Кемпир-Абаддын жери кетип атат, эмне кылабыз? Кандай чара көрөбүз?” деп сүйлөшүп атканды бул бийлик бетке кармап, аны экспертизага берип, “бийликти басып ала турган коркунучтар, чакырыктар бар!” деп өздөрүнүн эксперттеринин корутундусун чыгарыптыр.
-- Эмне деп?
-- Тилекке каршы, өткөн жумада соттук ишти баштаганы жатышкан. Биздин балдар ГСУда (главное следственное управление) жүргөндө ишти тааныштырганга мүмкүнчүлүк берген эмес. Ошонусуна карабай иш менен чала-була, үстүртөн таанышып жүрдүк. Толук кандуу иш менен таанышыш үчүн атайын жабдыктар керек экен. Дегеним, “аудио жазууну укканга компьютер, анын менен кошо дисктерди бергиле, ошол күнү кимибиз эмне деп сүйлөгөнүбүзгө жараша тыянак чыгаралы” деп бир жума узартууну өтүнгөнбүз.
-- Анан?
-- Алар биздин өтүнүчтү четке кагып, "жок, ушуну менен бүттү. Биз силерге убакыт бергенбиз. Ошол үн жазылган табакты эми сот отурумунда чогуу угабыз" дешүүдө. Ал эми бизде үндү укканга кайсы адам эмне деп сүйлөгөнү боюнча так аныктоочу экспертиза жоктугуна байланыштуу үндөрдү божомол менен гана, өзгөчө Асия Сасыкбаева эженин “талкалайбыз, тигинтебиз” деп атайын “з” тамгасын коштуруп, бурмалап, ошол сөздөрдүн алкагында экспертиза жүрүптүр. “Альтернативалык, көз карандысыз экспертизага берели” десек уруксат бербей коюшту. Бул бийликтин карманганы – ошол кафеде сүйлөшүлгөн сөз болуп атат.
-- Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын бир тобу ал жерде болгон эмес да?
-- Ооба, “ошол эле сүйлөшүлгөн сөз” деп айта турган болсок, Марат Баязов, Атай Бейшенбек ал жыйынга келишкен эмес. Тимур Махмудов ал жакка жадагалса чакырылбаган. Орозайым Нарматова менен Ильгиз Шаменов Москвада жүрүп, “силер ушинтип айыпталып атасыңар” дегенде, ал жактан учуп келишкен. Аларды биз таанычу да эмеспиз. Ошентип, ал жыйынга барбагандарды да экспертиза “барган, ошол жерде жүргөн” деп, 25 кишинин эч кимисин бөлүп чыгарбай, баарыбызга бирдей “бийликти басып алабыз дешкен” деген айып коюп аткандары абдан өкүнүчтүү.
-- Алар кантип 25 адамды бир айыпка байлаганы жатышат?
-- Эми эртеңдерден соттук териштирүү башталат. 25 адамдын айыбын угузгуча эле бери жагы 3 же 4 соттук отурум өтсө керек. Калганын да көрө жатабыз, кызыктын баары али алдыда окшойт...