Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тамак-аштын баасы себепсиз көтөрүлсө, төмөнкү номерлерге кайрылгыла

Тамак-аштын баасы себепсиз көтөрүлсө, төмөнкү номерлерге кайрылгыла

16-март, 11:59
739 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жарандарды азык-түлүктүн баасы негизсиз көтөрүлгөн фактыларды кабарлап коюуну өтүнөт.

Буга чейин мекеменин маалымат кызматы алып сатарлык менен алектенген бир катар ишкерлерге карата сотко чейинки өндүрүштөрдү баштаганын билдирген. Узаган демалышта айрым базарларда жана супермаркеттерде азык-түлүктөр массалык түрдө сатып алынганы байкалган. Учурдан пайдаланган кээ бир ишкерлер товардын баасын көтөрүп жиберишкен.

Азык-түлүктүн баасы себепсиз көтөрүлө турган болсо, (0312) 32-30-91 жана 32-37-07 номерлери аркылуу Финполдун нөөмөт бөлүмүнө байланышууга болот. Мекеменин кызматкерлери жеринен текшерүү иштерин жүргүзмөкчү.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер