Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жылдыз Жолдошова: “Текебаевдин оппозиция болууга эч бир моралдык укугу жок”

Жылдыз Жолдошова: “Текебаевдин оппозиция болууга эч бир моралдык укугу жок”

16-январь, 22:43
7 686 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жылдыз айым, эч нерсе боло электе Садыр Жапаровго оппозиция пайда болду. Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов ж.б. Ушул боюнча оюңду уксак?

-- Биздин өлкөдө, албетте, демократия бар. Андыктан оппозиция болуш керек, болгондо да конструктивдүү. Себеби, мамлекетибиздин тагдыры өтө оор абалда, ошондуктан баарыбыз колдон келишинче Садыр Жапаровду мамлекет, эл үчүн колдоп берели. Ал эми Өмүрбек Текебаев менен Феликс Кулов өз убагында саясый "тандемге" баруу менен чектелбестен, бирөөсү Жогорку Кеңештин төрагасы болсо, экинчиси премьер-министри болушкан. Баса белгилөөчү жагдай, Текебаевдин оппозиция болууга эч бир моралдык укугу жок, анткени, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары 2010-жылдагы апрель-июнь окуясынын чыгышына жол беришкен, башкача айтканда, ошол кездеги утурумдук бийликтеги адамдар, шериктери менен алганда, алардын мыйзамсыз жасаган иштери боюнча эл сурай турган убакыт жакындап калды.

-- Буга чейин Садыр иниңизди колдоп келдиңиз, кийинки кадамдарыңыз кандай болот? Кызмат орун сунуштаса барасызбы? 

-- Садыр Жапаровду, ооба, 2010-жылдан 2021-жылга дейре колдоп келе жатканыма коомчулук күбө. Айрыкча Садыр Жапаровдун башына оор күн түшкөндө, дээрлик көпчүлүк саясатчылар аны колдоодон, интервью берүүдөн качышат эле. Жалгыз калып калган күндөрү болгон... Эгерде келечекке карай алсак, Жапаров өз иш-аракеттерин бир гана мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн жумшаса, сөзсүз колдоорум анык. Аткаруу бийлигинде 36 жыл таза иштеп бердим. Өз өлкөмө жана элиме татыктуу кызмат кылганымды билем да. Ошондуктан аткаруу бийлигине барбайм. Ал эми парламентке дагы бир чакырылышка барып, мыйзам чыгаруу багытында иштөө үчүн оюм бар... “Кадрлар баарын чечет” деп Сталин бекер айткан эмес, андыктан, Садыр Нургожоевич ушул жааттан катачылык кетирбөөсү зарыл. Буга мен эле эмес, элдин үмүтү да чоң экенин өзү да билип, туюп турса керек. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер