Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлкан Молдобекова: “Мен деле пенсияга жакшы акча менен чыксам дейм”

Гүлкан Молдобекова: “Мен деле пенсияга жакшы акча менен чыксам дейм”

22-апрель, 04:40
1 341 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлкан Сакиновна, сиз өткөн чакырылышта социалдык саясат комитетин жетектегенсиз, бул маселени ийне-жибине чейин терең   билесиз. Өкмөт сунуштап жаткан пенсиялык реформа боюнча оюңуз кандай?

-- Пенсиялык реформалоо маселеси мындан эки-үч жыл мурда эле коюлуп башталган. Менин көз карашымда, реформа – бул өтө чоң маселе. Мен талкууда да айттым, буга чоң каражат керек. Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева өзү деле мен айтып жатканда макул болуп турду. Вице-премьер тараптан өткөн чакырылыштын депутаттарына бир аз сын пикир да айтылып кетти, “мурдагы депутаттарга да киргизилген бул сунуш, бирок колдоо тапкан эмес” деген мааниде. Мен реформаны колдойм. Жарандарыбыз жакшы пенсия алса, ким каршы болот? Баары колдойт. Мен деле мына, пенсиялык куракка келип калдым. Пенсияга жакшы акча менен чыксам дейм. Өткөн чакырылыштын депутаттары деле аны кабыл алып берүүгө кудерети жетмек. Бирок, жогоруда айткандай, келип эле такалып жатканы – бул каржы маселеси.

-- Сиз пенсияны көбөйтүү жагын айтып жатасыз да. Бирок, талаш-тартышты жараткан, коомчулукту нааразы кылган – бул пенсияга чыгуу курагынын узартылганы, иштеген пенсионерлерге пенсия төлөбөө сунушу болууда.

-- Ошон үчүн биз парламенттик угуу өткөрдүк. Коомчулуктун да, министрлер кабинетинин да пикирин угуп, баарына алгылыктуу бир чечим кабыл алыш керек. Бирок, дагы бир жолу айткым келет, пенсиялык реформа зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер