Каатчылыктан кантип чыгабыз? Акыры ачкачылык арааны каптабайбы?..

“Азык-түлүккө болгон баалар барган сайын көтөрүлүүдө. Көпчүлүк элибиздин кыйналып жашаганын байкап атабыз. Каатчылыктан чыгуунун жолдору барбы? Акыры ачкачылык арааны каптабайбы?” деген собол таштадык.
Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:
-- Тилекке каршы, жалпы баанын өсүшүнө биз түз таасир эте албайбыз, азыркы Россия–Украин согушунан келип чыккан кризистин толкуну бизге дагы катуу тийип кала турганы анык эле. Бирок, өзүбүздүн колдон келе турган, ушул учурда зарыл болгон нерселерди сөзсүз жасообуз керек. Биринчиден, быйыл айыл чарбасына өзгөчө катуу көңүл буруу зарыл, жылдагыдай сыртынан эле отчет менен чектелбей, ар бир район, айыл, дыйкан чарба боюнча иштөө талап кылынат. “Жыл ыңгайлуу болот” деп айтуу кыйын, бирок жаз алды жаанчыл болгону үмүт берип турат. Экинчиден, кандай кылган күндө дагы көпчүлүк продукциянын сырттан ташып келе тургандан кийин өкмөт ушул багытта иштеген ишкерлер менен тикелей сүйлөшүп, тыгыз өнөктөштүк схемаларын чукулунан жасосу абзел. Азык-түлүктүн ар бир түрү боюнча жылдык баланс түзүлүп, аларды сатып алуу, ташып келүү, сактоо, сатуу боюнча конкреттүү иш-чаралар каралса туура болот. Мындай тажрыйба бар бизде. 1991-жылдан тарта мындан дагы оор кылдаалдан чыкканбыз, ал кезде башканы кой, буудайдын, ундун запасы 6-7 күндүк эле калган убактар болгон. Ал учурда азыркыдай рынок механизмдери, продукцияны эркин ташып келүү деген жок болчу. Азыр ага караганда кыйла жеңил, соода байланыштар, банктар аркылуу төлөмдөр калыптанып, биздин ишкерлер дагы тиш кагып, тажрыйбалуу болуп калды. Болгону мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосунда ак ниет кызматташтыкты түзүү керек.
Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:
-- Мындай учурда ар бирибиз эмгектенсек, жер эне куру калтырбайт. Бир чарчы метр жерди бош калтырбай иштетишибиз керек. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик мааниде чоң программа иштеп чыгып, ар бир облус, район, айыл өкмөттөрүнө, айыл чарба министрине тийиштүү тапшырма берип, азык-түлүк продукцияларын сапаттуу өндүрүү боюнча баарыбыз жапатырмак киришпесек болбой калды. Биз качанкыга чейин бирөөнүн көзүн, колун карап жашайбыз? Азык-түлүк коопсуздугуна кирген продукциялардын басымдуу бөлүгүн, анын ичинде буудай, кант, суумай, эт, сүт, жумуртка, жашылча-жемиштерди колдон келишинче өзүбүз өндүрүүгө аракет кылалы. Албетте, жумуш көп. Жөн эле “кызарган” жерди аңдып, өз көмөчүбүзгө күл тарткан шылуундукту токтотолу. Эмне үчүн өнүккөн өлкөлөрдүн катарында жашаганга умтулбайбыз? Коррупцияны жоюш үчүн ар бирибиз мамлекетке жардам берели. Ошол учурда президент өзү баш болуп жазгы талаачылык иштерге чыгып, дыйканчылык талааларга жеринде барып, жаралган көйгөйлөр менен таанышып, жеринде чечип, фермерлерге үстөгү жок кредитти, күйүүчү майларды камсыздоо жагын карап берсе сонун эле болгону турат.
Эрлан Жамгырчиев, жеке ишкер:
-- Каатчылык жеке эле биздин мамлекетте эмес, дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө өкүм сүрүүдө. Эл аралык катнашты, соода жүгүртүүнү, кошуналарыбыз менен алыш-беришибизди жаңы бир деңгээлге көтөрүп чыгып, өстүрүп, тил табышыбыз зарыл. Кытай, Россия зор мамлекеттердин ортосунда жайгашканыбызды жакшы жагына пайдалана албай келатканыбыз бир аз өкүндүрөт. Өлкөдөгү ири ишкерлерибиз кайсы бир деңгээлде социалдык жоопкерчиктерди мойнуна алышсын. Дыйкандарыбыз өздөрү өндүргөн продукцияларын, түшүмдөрүн сатууда эч кандай ортомчулардын обу жок туйтунушун чектеп, күзүндө жемиштердин бааларын божомолдоону, көзмөлгө алууну мамлекеттик структуралар камсыздасын. Элибиз ысырапчылыктан арылып, той-тамаша, мааракелерди чектеп, “төшөгүбүзгө карап бут сунганга өтсөк” дейт элем. Белибизди бекем бууп, өзүбүздү өзүбүз эле багарыбызга бекем ишенип, баарыбыздын мекенибиз бир экенин бааласак, каатчылыкты жеңебиз.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити