Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кулбараков кууланса, Самыйкожо сес көрсөттү

Кулбараков кууланса, Самыйкожо сес көрсөттү

21-ноябрь, 22:11
1 449 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир мандаттуу Кочкор округунан ондон ашык талапкер ат салышып аткан чактары. Оюн катуу жүрүүдө. Таймашкандардын көрүнүктүүлөрүнө келсек, Абтандил Кулбараков Кочкор, Ак-Талаа райондорунан элдин колдоосуна анчейин арзыбай турганын алдыртан билип, ал жактарга добуштарды бөлүү үчүн атайын “өз адамдарын” койдуруптур. Эмне үчүн?

Бул миллионердин айласы куруй баштагандай, себеби, атаандашы Мирлан Самыйкожонун тили буудай кууруп, элдин жүрөгүндөгү көйгөйлөрдү айтканы, рейтинги көтөрүлгөнү байкалды. Көзү каныккан көпчүлүк акчалууларды эмес, акыл сөз айтканды колдоп кетсечи?.. 

Айтмакчы, Нарын телевидениесинен Абтандил Кулбараков, Дамира Ниязалиева жана Мирлан Самыйкожо теледебатка чыгышмак экен. Акчага чиренген берки экөө эфирге чыккандан качышып, келбей коюшканы кабарланды. Жалгыз Мирландын барганы, сес көрсөткөнү эмнени билдирет? Жүзү жарык, оозунда сөзү бар экенинби?.. 

Кыскасы, Кулбараков канчалык кууланып, өзү менен кошо “жең ичинен” башка талапкерлерди алып чыкса да, аягы уятка калчудай божомолдор жаралууда. Ушундай. Ал эми Кочкор округунан башка талапкерлердин аттары анчалык угулбай жаткандыктан, аларды кеп кылып, убакыт коротууну туура көрбөдүк. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер