Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн ушундай маанилүү жаратылыш парктарга, коруктарга карата талкалоо башталды?

Эмне үчүн ушундай маанилүү жаратылыш парктарга, коруктарга карата талкалоо башталды?

10-август, 23:40
729 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ботсадды кыйратуу – бул ондогон жылдык илимди, эмгекти, биологиялык мурастарды жоготуу дегенди билдирет. Ботаникалык бак – эл ойлогондой бул жөн гана эс алуу багы эмес, бул тирүү лаборатория, жаратылыш илимдеринин казынасы. Илимди, табиятты түшүнбөгөндөр чечим чыгарууга жакын да жолобошу керек. Биздин жок кылынып жаткан ботаникалык багыбыз учурунда Борбор Азиядагы эң маанилүү илимий борборлордун бири болгон. Бул жерде көптөгөн жылдар бою өсүмдүктөрдү изилдөө, сактоо жана климаттык шарттарга ылайыкташтыруу боюнча ири илимий иштер жүргүзүлүп келген. Ар кандай түрлөрдүн биологиялык, вегетациялык өзгөчөлүктөрү изилденген эле. Илимий демилгелер коштолгон (мурунку маектерде жазгам) уруктар банкы болгон өсүмдүктөрдүн генетикалык түрлөрүн келечек муундар үчүн сактоочу жашыл мурас эле го? Аспиранттар, студенттер жана изилдөөчүлөр үчүн база керек эмеспи? Эл аралык мамилелер жана кызматташтык кереги жокпу? Бул жерде жөн эле бактар өскөн бакча эмес, фенологиялык байкоолор, өсүмдүктөрдүн өсүү фазаларына, гүлдөшүнө, мөмө берүү мөөнөтүнө узак убакыттуу байкоолор жүргүзүлөт. Паркка айлантуу, “кулпунай-сулпунай” деген макоолор бактарды гана кыйбастан ошол жердеги чоң көлөмдөгү өсүмдүктөр катмарын, жаныбарлар дүйнөсүн, канаттууларды, курт-кумурскаларды – баарын талкалап жок кылуу жоопкерчилигин сезишеби? Бир жагынан дүйнөгө кыйкырып, “7 миллион дарак отургузабыз” деп кыйратып сүйлөп жатабыз, бирок экинчи жагынан, болуп көрбөгөндөй бактарды – жашыл зоналарды кыюу жүрүп жатат. Борборубуздун дем алган өпкөсү, жандуу жүрөгү, тургундар үчүн таза аба, жымжырт жайды эмнеге талкалоолор жүрүүдө? Кайсы келесоо кулпунай отургузат экен? Дыйканчылыкка жер калбай калыптырбы? Эмне үчүн ушундай маанилүү жайларды, жаратылыш парктарды, коруктарды талкалоо башталды?..  


Гүлбара Оморова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер