Өмүрбек Бабанов саясаттан “сына” берип өтүп кетеби?
Ошентип, Өмүрбек Бабанов УКМКнын СИЗОсунан чет өлкөгө дарыланууга чыгып кетти. Бул көрүнүшкө анчейин деле баш оорутуунун кереги жок. Ал “жең ичинен” сүйлөшүп, миллиондорду берүү менен эркин учуп кеттиби? Кумтөр боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы далай “куса” турганы жашыруун эмес. Бабанов чет жактан дарыланууга чыгуу үчүн чоң мүлктөрүн күрөөгө коюшу ыктымал. Эгер качып кетсе, байлыгынын эбегейсиз бөлүгүнөн ажырайт. Андыктан, көнгөн адатынча кайра келери, бийлик астында биротоло “сынып” калары шексиз. Негизи эле коммерсант адам саясатка келүүсү ийгиликтен да кайгы жаратары ушул тура. Айтор, Бабанов саясаттан “сына” берип өтүп кетеби? Айтмакчы, түрмөлөрдө канчалаган адамдар ооруп жатышат. Аларга ташбоор тагдыр жазылганбы?
"Азия Ньюс" гезити