Курбу кызым үй-бүлөбүздү бузуп, үч балам менен жалгыз калдым
Күйөөм экөөбүз бактылуу турмушта он жыл жашадык. Улуу балабыз 9 жашта, кийинкиси бир жарым жашта, үчүнчүбүздүн төрөлгөнүнө эки жума эле болду. Бирок турмушум бузулуп, ара жолдо калгандаймын...
Кичинебизде классташ элек, кийин башка мектепке кеткен кызды жолуктуруп, экөөбүз жакын курбуга айланып кеттик. Ал менин үй-бүлөм тууралуу баарын сурап, күйөөм кайда иштейт, канча табарына кызыга берчү. Айтор, ичи-койнума кирип, балдары менен конокко келип атып, биз алардыкына барып, аябай жакын болуп кеткенбиз. Ошол күндөрдө мага билдирбей күйөөмдүн телефон номерин алыптыр. Мен үйдөгү жаңылыктарды айта берчүмүн, көрсө, ал бизди бузуш үчүн иликтеп жүрүптүр да. Алгач экөө жашыруун чалышып, жазышып жүрүп, кийин баары ачыкка чыкты. Күйөөм ал үчүн төрт ай мурун үйдөн чыгып кеткен. Агезде кош бойлуу элем. Турмушум бузулганына байланыштуу стресс алып, кыйналып төрөдүм. Күйөөм ал аял үчүн үч баласын карабай кетти. Башкысы, балдарым бар, мага ошол жетет. Менин башымдан өткөн окуя ар бир аялзатына сабак болсо. Курбу күткөндө этияттагыла. Азыр эмне кыларымды билбей отурам...
Жылдыз
"Азия Ньюс" гезити