Акыркы кабарлар
» Саясат » “Силерге канча жер бердим, Каримов тирүү болгондо мени аттырып салмак” деп Мирзиёев айтканбы?
“Силерге канча жер бердим, Каримов тирүү болгондо мени аттырып салмак” деп Мирзиёев айтканбы?
16-июнь, 11:37
368 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Президент Садыр Жапаров чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө катуу туруп, отуз жылдан бери Өзбекстанга өтүп кеткен он чакты жер участокторун кайра кайтарып, Кыргызстандын картасына киргизүүгө белсенип калыптыр. Бул боюнча өздүк булагыбыз билдирди. Сүйлөшүүлөр, такташуулар толук кандуу чечилсе, атайын маалымат берилет экен. Бирок, Кемпир-Абаддагы талаштуу жер Өзбекстандын карамагында кала бердиби? Ушул өңүттөн да тартышуулар орун алыптыр. “Силерге канча жер бердим, Каримов тирүү болгондо мени аттырып салмак” деп Шавкат Мирзиёев айтканбы? Көмүскөдө көп эле сөздөр козголсо керек... Ошондо биздин президент он чакты жер бөлүктөрүн, тоо кыркаларын кайтарып алуу менен тарыхый окуя жаратабы? Күтө туралы.
"Азия Ньюс" гезити