Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ош шаарында тилемчилик кылып, дүйнө кыдырган турист кармалды

Ош шаарында тилемчилик кылып, дүйнө кыдырган турист кармалды

16-декабрь, 23:09
852 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ, 15-декабрда Ош шаарынын тургуну Замирбек Орозахунов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына япониялык саякатчынын Ош шаарындагы мечиттин алдында тилемчилик кылып отурганын жарыялаган. Ал тишелүү органдардан аталган чет өлкөлүк адамга көңүл бурууну суранган.

Замирбек Орозахуновдун  айтымында, ал япониялык саякатчы менен чөнтөк телефонундагы котормочу программа аркылуу сүйлөшкөн.

«Мен 15-декабрда Аль Бухари-Алай мечитинин алдынан өтүп бара жаткам. Таза кийинген жигит кагазга англис тилинде бир нерсе деп жазып алып, тилемчилик кылып отуруптур. Улуту башка экенин байкадым. Мен, анан дагы эки бала аны менен телефондогу котормочу программанын жардамы менен сүйлөшүп жаттык. “Үйүңө кете албай калдыңбы?” деп сурасак, “жок” деди. Телефон номурун сурасак, берди. Тилемчилик кылып отурган чет өлкөлүк адамды сүрөткө тартып, Фейсбуктагы өзүмдүн баракчама тиешелүү органдардан жардам сурап жарыялагам», - деп жазды Замирбек Орозахунов.Ош шаардык мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси 
интернет тармакта жазылган номур аркылуу япон жараны менен байланышкан.

Алар телефон чалганда алган эмес, бирок билдирүү (смс) жазса жооп берген. “Кайдан келдиңиз? Эмне көйгөйүңүз бар?” деп жазса, ал өзүн Пон (Pong) деп тааныштырган. Бул тууралуу туристтик милиция кызматына, туристтик агентстволорго маалымат берилген. Кийин алар япониялык саякатчыны мейманканага жайгаштырышкан.

Көрсө, япониялык жаран өз сөзүндө тилемчилик кылып, ошол акчага дүйнө жүзүн кыдырып жүргөнүн айткан.

Ал “бул менин жашоомдогу хоббим. Мен дүйнөнү ушинтип кыдырып жүрөм. Саякаттап барган өлкөдө акчам түгөнүп калса, тилемчилик кылам. Кайра ошол акчаны саякаттоого жумшайм” деген. Бардык документтери жанында болгон. Хоббиси тилемчилик кылып, дүйнө кыдыруу экени белгилүү болду.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер