Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ислам Дооров: “Сүрөт сабагына акы алып, француз тилин бекер эле окутабыз”

Ислам Дооров: “Сүрөт сабагына акы алып, француз тилин бекер эле окутабыз”

07-февраль, 23:32
1 686 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алгач Исфанада сиз ачкан өнөркана, анын негизги максаты тууралуу айтып өтсөңүз?

-- Мектептерде сүрөт сабагына жасалган кайдыгер мамиле баарыбызга белгилүү. Мен өзүм ошол системанын негизинде окугам. Буга байланыштуу 7-классты аяктарым менен Бишкектеги Тургунбай Садыков атындагы сүрөт мектебине тапшырдым. Менимче, бизде мендей сүрөткө кызыгуусу артып, бирок мектептен тийешелүү деңгээлде сүрөт сабагы өтүлбөй жатканына өкүнүч менен караган окуучулар аз эмес болсо керек. 

Биздин өнөркана дал ошондой балдарды күтөт. Максатыбыз – өспүрүмдөрдүн искусствого кызыгуусун арттырып, көркөм дүйнөнү таанытуу. Өлкөгө билимдүү, таланттуу, эң башкысы, маданияттуу жаштар керек. Биз келечекте жаштардын ошол катмарын тарбиялоого аз да болсо салым кошобуз деген үмүттөбүз. 

-- Чоң шаардан айыл жерине келип тирлик кылууга эмне түрткү болду?

-- Орус эл жомокторунда падышанын үч уулунун кичүүсү Иван мураскер болот эмеспи. Мен биздин үй-бүлөнүн Иванымын. Ата-энемдин алдындагы милдет кээ бир тилек-максаттарымды четке коюп, башка жаңы максаттарды ишке ашырууга түрткү болду. Бул да болсо бир жакшылыктын башатыдыр....

-- Айылдагы окуучулар жана жаштар менен пикир алышып, жолдоруңуз кез келишип аткан учур экен да. Мындан улам, жаштардын келечекке карай кадамдарына да баам салып койсоңуз керек?..

-Албетте, азыркы жаштардын арасында билимдүү, таланттуулары аз эмес. Бирок, ачыгын айтканда, аша чапкан маданиятсыздык, фанатизм, бузукулук да көп кездешчү болду. Кудай дегендин баары ак эмес экенин түшүнөр саат келди. Кудайдын атын жамынып, арам иштерге баргандар көбөйдү. Анан да балдарын таштап, акча табуу үчүн өзгө жерге кеткен мигранттардын деле балдары чоңоюшту. Балдарда күнөө жок, алар ата-эненин тарбиясын көрбөй өсүштү да. Бирок, башка тарабынан карасак, ата-энелер да аргасыздан кетишти. Нан таап, балдарды багуу керек. Өлкө болсо жакыр. Тилегеним – өлкөбүз эртерээк бутка турса экен. 

-- Сиз сүрөт тартып, тил үйрөтөт экенсиз. Ал бекер окутулбайт да. Ага кызыккан балдар, аларды колдогон ата-энелер көп эле бекен?

-- Биз жумасына эки жолу сүрөт сабагын өтүп, бир жолу француз тилин окутабыз. Сүрөт сабагы үчүн гана акы алабыз. Анан сүрөт тартууну үйрөнгүсү келген балдар кааласа француз тилин бекер үйрөнө алышат. Биздин башкы максат акча табуу эмес. Балдардын өнөрүн ачуу. Кызыккан балдар көп экен. Ата-энелер да "бизде мындай курстар район боюнча жок" деп кызыгып, колдоого алып жатышат. 

-- Негизи баланын жөндөмдүүлүгүн байкап, анын өнөрүн андан ары өркүндөтүп кетүүдө эмнеге басым жасалыш керек? Ар бир эле балада тил үйрөнүүгө, сүрөт тартууга болгон жөндөм барбы?

-Негизи, бала бир нерсени жасап көрмөйүнчө, ошол нерсеге кызыгарын билбейт. Эгер баланын бир нерсеге кызыгуусу так болуп, келечек максаты түшүнүктүү болсо, ага ата-энеден колдоо мыкты болуусу керек. Балдардын бир өнөргө кызыгуусу тез өзгөрөт. Анда да баланы катуу сынга алуунун кереги жок. Адам өз жолун табуусу оор иш. Мисалы, Ван Гог 27 жашта сүрөт тартууга киришкен. Азыр ал эң эле аттуу-баштуу сүрөтчүлөрдүн бири.

Ал эми тил үйрөнүү, сүрөт тартуу боюнча алсак, жөндөм өтө деле маанилүү эмес. Эң башкысы кызыгуу. Калганы мугалимге, анан да баланын жасаган аракеттерине байланыштуу. Аны өстүрүүгө 1% талант, 99% күжүрмөн эмгек керек. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер