Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Тулеев: “Өкмөттүн социалдык көйгөйлөрдү чече ала турган программасын көргөн жокмун”

Расул Тулеев: “Өкмөттүн социалдык көйгөйлөрдү чече ала турган программасын көргөн жокмун”

23-сентябрь, 20:36
449 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өлкөдөгү кымбатчылык, социалдык көйгөйлөр чегине жетип турат. Күн санап жакыр жашагандардын катары калыңдоодо. Жумушсуздук күч алды. Өкмөт элди багууда жаңы программаларды, идеяларды сунуштай алабы?

-- Негизи биздин өлкөдө социалдык көйгөйлөр күн санап бири-бирине кошулуп, көбөйүп баратат. Ошол эле жумушсуздук, жаштар үчүн үй-бүлө курганга, жашаганга турак жай маселеси да өтө курч абалда. Каатчылыктын айынан жаштардын баары чет жакка агылып кетүүдө. Тилекке каршы, биздин өкмөт бүгүнкү күнүмдүк оокат менен гана алек болуп, келечекке он жылдык, жыйырма жылдык эч кандай программа дагы, стратегия дагы жарыялабай, багыт көрсөтө албай жатат. Ошол эле учурда Акылбек Жапаровду “кыйын экономист” деп келишет. Мен да кошулам, бирок негедир анын социалдык көйгөйлөрдү чече ала турган кеңири программасын көрө элекмин. 

Өзгөчө турак жай, жумушсуздук маселесин чечкенге биздин “Жаратман” эл партиясынын даяр сунуштары бар. Акыркы убакта мунайзаттын кымбаттаганы да кыйынчылык жаратты. Ал маселени чечкенге да биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Бирок бүгүнкүгө чейин ошол 3-4 маселенин жолун табууну көрө албадым. 

Биз жолдогон программалардын айрым жерлерин каталары болсо оңдоп, пайдаланса да макул элем. Ал программага 8 жылдай өмүрүмдү арнадым. Бирок менин үнүм жетпей жатат. Өкмөткө, президентке дагы сунуштаганга аракет кылгам. Мамлекетибизде негедир жөнөкөй жарандардын үнү угулбай келет. Алардын ой-пикири таптакыр эле эсепке алынбайт. Балким мен сунуштаган программанын өлкөгө чоң пайдасы тиймек. Аны карап да койбогондору өкүндүрөт.

 Бизде жумушсуздук, кымбатчылык жана сырткы миграция маселелерин чечмейинче эч кандай экономикалык, социалдык жана башка өнүгүү болбойт. Биз эгерде турак жай маселесине көңүл буруп, ошол жакты өнүктүрсөк, жумушсуздук азаймак. Ал эми өзүбүздүн мунайды иштетсек, кымбатчылык токтоп, баалар өспөй, жаңы жумуш орундар түзүлүп, казынага пайда түшөр эле.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер