Рахат Берикбаевди ким коргойт? Коомчулукту кызыктырган суроолор жоопсуз калууда


Кыргызстанда Рахат Берикбаевдин айланасында ар кандай маалыматтар тарай баштады. Айрым жарандардын билдирүүлөрүндө, анын аты талаштуу жагдайларга байланыштуу чыгууда. Карыздары жана мыйзам бузууга байланыштуу дооматтарын кантебиз? Тилекке каршы, бул кабарлардын баары тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан расмий тастыкталганы менен ачыкка чыкпаганы кандай? Эмесе, суроолор дагы уланат...
Аныгында Берикбаев бийликтеги таасирдүү адамдар менен байланышын айтып, ошол мамилелерин жеке кызыкчылыкка көздөп пайдаланабы?
Мындай жагдайда коомчулукту кызыктырган негизги суроо, эгерде жаранга карата чындап эле кылмыш иштери же башка мыйзамдык дооматтар болсо, алардын укуктук макамына юридикалык баа берилиши абзел. Ал арада чын эле бийликтеги таасирдүү адамдар менен жакынбы же калып кеткен “каралар дүйнөсү” менен байланышы үзүлө элекпи? Ушундай бүдөмүк суроолор жаралбаш керек.
ИИМ менен УКМК сыяктуу укук коргоо органдары үчүн коомчулуктун арызын күтүп олтурабай мындайлардын артынан сая түшүп, мыйзам алкагында ак-карасын аныктаган дүрбүсүн салып койсо болбойбу?
Эгер мыйзам бузуу фактысы бар болсо иликтенип, тийешелүү чара көрүлүп, расмий түшүндүрмө берилиши зарыл. Анткени алдамчылыкка шектелген Берикбаев бийликтеги кайсы таасирдүү адамга же калып кеткен “каралардын калдыктарына” таянып жатабы?
Же ыңгайы келсе эле бийликтегилердин атын сатып, аргымакты камчылап, көрүнгөндү сыздатып, алдап акчасын ала берсе болобу?
Эске сала кетсек, Рахат Берикбаев бир катар коммерциялык компаниялардын жетекчиси, уюштуруучусу жана айрым коммерциялык түзүмдөрдүн башчысы катары да аты аталууда.
Nazarnews.org











