Акыркы кабарлар
» Коом » Кылыч Жолдошовдон “жашылбайларды” алганыңыз чын болсо, кайрып берип койбойсузбу?
Кылыч Жолдошовдон “жашылбайларды” алганыңыз чын болсо, кайрып берип койбойсузбу?
06-октябрь, 18:24

(ЖК депутаты Акылбек Түмөнбаевге!)
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев мурдагы кесиптеши Өмүрбек Бакиров мандатынан ажыраганда катуу жан тартып, чыныгы тилектештигин билдирген. Жигиттиги бар окшойт. Ушундай сапатын эске алып, ыңгайсыз собол салып турган кербезибиз.
-- Полковник Кылыч Жолдошовдон 80 миң доллар алдыңыз беле? ИИМдин орун басары кыла албай койдуңузбу? Ал орто жерден Бишкек ШИИБнин орун басары болуп, жумуштан алынып калды го? Эми бош жүрсө, кабарлашып койгон жоксузбу? Эгер ортомчу аркылуу “жашылбайларды” алганыңыз чын болсо, кайрып берип койбойсузбу? Кокус Кылыч Жолдошов УКМКга арызданса, аягы татаалдашып кетпейби? Күбө, ортомчу да чыксачы?..
"Азия Ньюс" гезити