» Саясат » Канат Жумагазиев миллиондон ашык калкы бар элибиздин жүгүн татыктуу тартат
Канат Жумагазиев миллиондон ашык калкы бар элибиздин жүгүн татыктуу тартат
09-март, 12:11
542 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Чүй облусунун губернаторлугуна чыйрак, сергек мүнөз Канат Жумагазиевдин дайындалганы алкоого арзыйт. Президент бул жагынан туура кадам таштады. Кыргызстандагы эң оор, эли да көп Сары Өзөндүн тизгинин Канат мырзага ыйгарды. Кудай буюрса, ишеним акталып, облустун саясый, социалдык-экономикалык көйгөйлөрү чечилүүгө кадам ташталса, эл менен бийликти жакындатууга кам көрүлсө, туруктуулукту камсыздоого аракеттер башталса, эртең баарыбыз сыймыктанабыз. Дал ушундай түмөндүү иштердин өтөөсүнө чыгууга Канат Жумагазиевдин жөндөмү, көп жылдык тажрыйбасы жана билими бар. Полковник мырза оперликтен көтөрүлүп, бир канча РИИБлердин начальниги, Бишкек ШИИБ башчысы, үч ОИИБ жетекчиси болууга жетишкен. О.э. республикалык МАИни жөндөй алган. Адамдык сапаты бийик, үлгүлүү үй-бүлөнүн атасы. Жаш болсо да кеменгер аксакалдай кыраакы, кыйын инсан! “Күлүк аргымак камчы салдырбайт” дейт. Бул таризин өзүңөр билесиңер. Анын сыңарындай, Канат байкебиз кыйла узак чуркачудай. Жаман көздөн алыс, жылуу сөзгө жакын болсун! Миллиондон ашык калкы бар элибиздин алкап аларына ишене туралы...