Айгүл Айдарова: “Мен педофилдерди дароо өлтүрүп салганга каршымын...”
-- Айгүл айым, жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун көбөйүп жаткан себебин сиз эмнеден көрөсүз?
-- Биринчиден, мыйзам жакшы иштебегендигинен ушундай терс көрүнүштөр көбөйүп баратат. Бул менин жеке оюм. Мыйзамдын жакшы иштеши өзүбүзгө: сизге, мага, башкаларга байланыштуу. Баарыбыз мыйзамды жакшы иштетип, анын катуу сакталышына шарт түзсөк, ошондо гана коркунучтуу кылмыштар азаят деп ойлойм. Мыйзам катуу иштеген мамлекеттерди көрүп атабыз да. Ошондуктан, аларда зөөкүрлүк фактылары жокко эсе. А бизде болсо күнүгө ондоп катталууда, дагы билинбей, жашырылып калып жаткандары канча?.. «Европа” дейбиз, жашоону ошолордукундай коопсуз кылуу ар бирибиздин колубузда.
-- Жашы жете элек кыздарды зордуктагандарга 10-15 жыл жаза мөөнөтү жетиштүүбү?
-- Андай кишини дароо өлтүрүп салган болбойт. Мен андайларды асып, же атып салганга такыр каршымын. Себеби, оңой өлүп атпайбы. Зөөкүрлөрдү, педеофилдерди өтө катуу жаза менен жазалап, кыйнап, күнүгө өлгөндөй кылыш керек.
-- Сиз учурунда ички иштер органдарында иштегенсиз. Бүгүнкү күндө милиция өз милдетин талаптагыдай аткарып жатат деп ойлойсузбу?
-- Милиция кызматкерлерине талап коюу менен бирге алардын ден соолугуна, үй-бүлөсүнүн камсыздалышына да көңүл буруш керек. Үстүндө тамы, алдында тамак-ашы барбы, балдарынын курсагы токпу, балдар бакчасына, же мектепке барып атабы? Ошонун баары болсо, милиция күнү-түнү талыкпай иштейт деп ойлойм. Азыр деле иштеп атышат, бирок, иштин сапатын дагы да көтөрүп, коррупцияга аралашуусуна жол бербеш үчүн аларга мамлекеттик камкордукту күчөтүүбүз зарыл.
"Азия Ньюс" гезити