Артур Медетбеков, УКМКнын экс-орун басары: “Элди толкутуу же тынчытуу да бийликтин колунда”

-- Артур мырза, жагдай курчуп бараткан жокпу? Өлкөдө саясый кырдаалга байланыштуу кандайдыр бир коркунучтар барбы?..
-- Кайсы мамлекетте болбосун, кандай кырдаал жаралбасын, маалымат майданында эки тараптуу пикир айтылат. Биринчиси, абалды оорлотуш үчүн же курчутуу максатында дал келбеген ушак, калптар жазылып, мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире турган маалыматтарга орун берилет. Экинчи тарабы кандай жагдай болсо да, реалдуу жазылган, такталган маалыматтарды беришет.
Кыргызстанда “абал курчуп, саясый кырдаалга байланыштуу коркунучтар бар” деп да, “жок” деп да айталбайм. Ошондой эле “саясый кырдаал курчубайт, мамлекеттин коопсуздугуна эч ким шек келтирбейт, бирөө да башаламандыкка чакырбайт” деп да айталбайм. Анткени, мамлекеттин коопсуздугу, тагдыры мыйзамдын так, толук аткарылышында жана саясый кырдаалды курчутпоо позициясында. Мамлекет башындагылар социалдык-экономикалык кризистин күч алышына жол бербесе, элдин нааразычылыгын жараткан окуяларга туура баа берилсе, эл көтөрүлөт деген коркунуч жаралбайт. Эгер өз билгендерин кылып, элдин кызыкчылыгы эске алынбаса, анда эч ким “эл толкубайт” деп кепилдик бере албайт. Элди толкутуш да, тынчытыш да бийликтин колунда. Ага үч жолку революция мисал десем болот.
-- Президенттин жарлыгы менен бир эмес, беш генерал наамынан айрылды. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
-- ИИМдин үч, УКМКнын эки генералы Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатканда чыгарган жарлыгынын негизинде генералдык наам алышкан экен. Алар генералдык наамды алышканда коомчулукта түшүнбөстүктөр пайда болуп, ИИМде, УКМКда дагы ача пикирлер айтылып, “бул иш сотто каралды, такталып жатат” деген түрдүү сөздөр болгон. Президент Конституциянын 70-71-беренесине таянып, жогоруда айтылган беш генералдын наамын кечээ жокко чыгарды. Демек, президент юристтер менен атайын комиссия аркылуу изилдеп, тактап чыккандан кийин жарлык менен генералдык наамынан ажыраткан окшойт.
-- Генералдык наамды буга чейин бергенди эле укчубуз. Алганды биринчи жолу көрдүк. Же мындай нерсе буга чейин эле болуп жүргөн беле?
-- Кыргызстанда генералдык наам берилип гана келген. Бирок Убактылуу өкмөттүн тушунда гана генералдык наамды соттун чечими менен бир тепкич төмөндөткөн. Тагыраагы, Жаныш Бакиев менен Мурат Суталиновдорду генерал-лейтенанттан, генерал-майорго түшүрүп коюшкан. Мыйзам боюнча жөнөкөй офицер же генерал, адмирал болобу, кылмыш кылып, мамлекетке өтө чоң зыян келтиргени далилденсе, сот чечими менен наамды алып койсо же артка кайтарып алса болот.
-- Жарлык менен генералдык наамдан айрылгандар сотко кайрылса болобу?
-- Болот. Жарлык менен генералдык наамынан айрылгандар сотко кайрылып, жарлыкты дагы бир жолу карап карап чыгуусун өтүнсө негиздүү. Анткени, бул жерде юридикалык суроолор да жаралып калышы мүмкүн.
"Азия Ньюс" гезити