Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурланбек Буркановдун кызматкерлери жаш кызды салып беришип, шантаж кылып жүрүшкөн...

Нурланбек Буркановдун кызматкерлери жаш кызды салып беришип, шантаж кылып жүрүшкөн...

06-февраль, 14:14
10 099 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 

  Ошто кайрадан үрөй учурган окуя. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери УКМК тарабынан камакка алынышты. Алар өспүрүм кызды колунда бар эркектерге салып беришип, атайын кылмыштуу схема уюштурушуп, шантаж кылып жүрүшкөнү маалымдалды. “Кой терисин жамынган бөрүлөр” деп ушундайларды айтат. 

     Өзгөн РИИБ начальниги Асан Токтомамбетов буга чейин өздүк курамды башкара албай келаткан, аныгында, алапайын таппай калды окшойт. Өткөн айда эле үч кызматкери бейкүнөө жаранды комага түшүрө сабашып, резонанс жаратышкан. Мыкаачылар камакка алынышкан эле. Эми ай айланбай берегидей тирукмуш жагдайга күбө болуудабыз. Натыйжада, Асан Токтомамбетовго кандай жаза керек? 

     Ал эми Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Буркановго даба жок экен. Ушул эргул келгени облустук милиция артка кетти. Өздүк курамда кылмыш кылгандар арбып, тартип, ырааттуулук сакталбай, “эшек жайлоо” сыңарындай образ жаралууда. ИИМге шек келтирип атат. Эгерде Нурланбек Буркановдун иштей албай атканы боюнча президентке маалымат түз жетсе, ачуусу келип, кызматтан алдырмак. Себеби, биринчи кезекте кимдир бирөөнүн көңүлү эмес, ириде элдин талабы жогору турат да, туурабы? Коопсуздукка, тартипке, милициянын өнүгүшүнө тоскоолдук жаралбашы керек. Тилекке каршы, Арзыбектин үкасы Нурланбек Бурканов Ош ОИИБге жасалма түрдө көтөрүлүп келгенден бери абал чатак! Башкасын айтпай эле коёлу, азыр ал жетектеген милициянын ичинде кылмыш кылгандар көбөйдү. Бул мамлекеттүүлүк үчүн кооптуу да, андыктан, тез арада чара көрүү зарыл. Олуттуу чечим кабыл ала турган убакыт келди...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер