Акыркы кабарлар
» Саясат » Шайлообек Атазов: “Шайлоого Атамбаев, Жээнбековду саткандар, коррупционерлер аттанды”
Шайлообек Атазов: “Шайлоого Атамбаев, Жээнбековду саткандар, коррупционерлер аттанды”
22-сентябрь, 11:54
2 217 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов алдыдагы парламенттик шайлоого саткындар менен коррупционерлер кайрадан аттанганын билдирди.
Эл өкүлү мамлекет башчы “шайлоо таза өтсүн, элге берилсин, демократиялык негизде өтсүн” деп БУУнун трибунасынан кайрылып жатканын да белгиледи.
“Бирок ошого карабай, кечээ Атамбаев, Жээнбековду саткан саткындар, жайыт жерлерди саткан коррупционерлер бийликтин партиясына кирип алып, шайлоого аттанышты. Бул кетиште жакынкы шайлоо да тополоңго айланганы турат. Бүгүнкү күндө карапайым эл мыкты мугалимди, мыкты дарыгерди, спорт, маданият өкүлдөрүн парламенттен көргүсү келүүдө. Кечээги шылуундардан эл тажап бүткөн” деди Атазов.
Депутат ушул жана башка маселелер боюнча БШКнын төрайымы келип маалымат беришин талап кылды.