Дүйнө дүрбөлөңү...
(Уландысы. Башы гезиттин өткөн сандарында)
Абал күндөн-күнгө оорлошуп жатат. Айрыкча былтыр, 2023-жылдын 7-октябрында “Хамас” Израилдин аймагына кирип келип, 1200 адамды өлтүрүп, 200дөн ашуунун барымтага Газа секторуна алып кетишти го... Баары жарандык адамдар. Натыйжада, Израиль анклавга кирип барып, “Темир кылыч” аттуу согуштук операциясынын алкагында 42 миңден ашуун арабдарды өлтүрүп отурат. Бул маалыматты палестиналык саламаттык сактоо министрлиги берүүдө. Ооба, уюмдар менен Израилдин ортосунда кадимкидей согуш жүрүп жатат. Саясый тил менен айтканда, бул согуштун негизги “оюнчулары” кимдер жана алардын максаттары эмне? Талдап көрөлү.
“Хамас” – бул палестиналык ислам кыймылы. Ал 2006-жылы Палестинанын парламентине шайлоо аркылуу жеңип келгенден бери белгилүү боло баштады. 2007-жылы “Хамас” газа секторунда согуштук төңкөрүш жасап, бийликке биротоло келип алган деген версия бар. Бирок, “хамасчылар” өздөрү антип ойлошпойт. “Хамас” деген аталыш – бул аббревиатура. Анын чечилиши: ”Харакат аль-Мукавама аль-Исламия”, же “Ислам каршылык көрсөтү кыймылы” деп түшүндүрүлөт. Бул уюмдун саясый жана согуштук блоктору да бар. Өзү Палестинанын парламентинде эки саясый фракция бар. Бири “Хамас” болсо, экинчиси “ФАТХ” (Палестинанын улуттук боштондук кыймылы). Депутаттардын жалпы 132 санынын 74ү “Хамаска” таандык. Бирок, Палестинанын экинчи бөлүгү болгон Иордан дарыясынын оң жээгинде “Хамасты” тоготушпайт. Бул жерде бийлик толугу менен ФАТХтын колунда. “Хамас” кыймылы 1987-жылы палестиналыктардын Биринчи интифадасынан кийин пайда болгон. Анын түзүүчүсү жана лидери, шейх Ахмед Ясин эле. Аны израилдиктер 2004-жылы Газадагы мечиттен инвалиддик коляска менен чыгып келе жатканында атып өлтүрүп салышкан. Израиль менен АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү “Хамас” менен ПБУун эмдигиче ийгиликтүү түрдө бири-бирине катуу каршы коюп, өз ара араздаштырып, кайраштырып жана согуштуруп келишет. Кыскасы, экө тең “жем” болуп жүрүшөт. Бирдиктүү аракеттери жок. “Хамас” согушчан уюм. Убагында алар “Афган согушуна” активдүү катышып, Советтик Армияга каршы кыл чайнашкан. Еврейлер бул уюмду “террористтер” деп аташат. Ошондой эле дооматты “хамасчылар” Израилдин коргоо министрлиги болгон “Цахалга” да тагып келишет.
2007-жылы палестин автономиясы делинген Газа сектору менен Иордан дарыясынын батыш жээгинде жарандык согуш чыккан. Натыйжада, биринчисин “Хамас”, экинчисин ФАТХ ээлеп, башкарып калышкан. Кыргыз элинин “Бөлүнгөндү бөрү жейт” деген макалына дал ушулар туш болушту. Израиль экөөнү тең эзип келет. “Хамастын” идеологиясы эң жөнөкөй. Анын өзөгү 1988-жылы кабыл алынган “Ислам хартиясы” эсептелет. Ага ылайык, бул уюм Израиль мамлекетин тааныбайт, Палестинанын жери оккупацияланган деп эсептейт. Алардын максаты – 1948-жылга чейинки Улуу Британиянын мандатына туура келген статусту орнотуу. Ал мандатка ылайык, азыркы Израиль жери, Иордан дарыясынын оң жээги жана Газа сектору Палестинага карашы керек. Мына, кептин баары! Перманенттик согуштун себеби да, ушул!
“Хезболла”. Бул уюм Ливанда жайгашкан согуштук жана саясый кыймыл болуп эсептелет. Анын диний багыты – ислам шииттери. Баарынан кызыгы, алар Ливандын аймагында турушуп, өлкөнүн куралдуу күчүнө баш ийбеген өздөрүнүн армиясын курап алышкан. Максаттары – Иран үлгүсүндөгү шииттик ислам мамлекетин куруу. “Хезболла” – “Аллахтын партиясы” деп которулат. Ачык эле булактарга таянып айтсак, бул кыймыл 1980-жылдын башында Иран революциясын коргоо корпусунун (КСИР) көмөгү астында пайда болгон экен. Анын табиятына ар кандай баа берип келишет. Мисалы, АКШда “Хезболланы” “глобалдык террористтик уюм” деп аташат. Алтургай Конгресс аны эл аралык каржы булактарынан ажыратып салуу боюнча атайын мыйзам кабыл алып жиберген. Ал эми президент Дональд Трамптын учурунда уюмдун бир нече мүчөлөрүнө каршы санкцияларды киргизген. Азыркы президент Джо Байдендин да админстрациясы жогоркудай тыюу салууну бекем колдоп келет. 2013-жылы Еврокошуун “Хезболлага” терс пикирлерин билдирип, аны менен кызматташуудан баш тартып коюшкан. Баарынан кызыгы, “Хезболланы” Персия булуңуна кирген араб өлкөлөрүнүн кызматташуу кеңеши да “террористтик уюм” деп расмий түрдө эсептешет. Алар: Бахрейн, Катар, Кувейт, БАЭ, Оман жана Сауд Арабиясы. Ал тургай сауддар АКШ менен биргелешип, “Хезболлага” жана Иранды каржылоого каршы борбор түзүшкөн. Негизги дооматтары – алардын пикири боюнча “Хезболла” терроризм жолуна түшкөн уюм. Ошондуктан анын ишмердигине өзгөчө каршы болгон өлкөлөр бар. Алар: Улуу Британия, Германия, Канада, Нидерланды, Австралия, Египет жана Израиль. Ал эми Россия болсо “Хезболланы” террористтик уюм катары эсептебейт. Орустар аны Ливан мамлекетинин коомдук-саясый күчү катары таанышат жана алар Россиянын аймагында террористтик актыларды жасашкан эмес деп белгилешет. Ошол эле кезде бул уюм исламдын шииттик агымындагы өлкөлөр жана Палестинанын аймагындагы конфликттерге катышкан топтор менен тыгыз алакада жашап келишет. “Хезболла” Ирандын мамлекеттик түзүмүн жактырып, алар менен жакшы мамилени карманууда. Андан ары аталган уюм Сириянын президенти Башар Асаддын өкмөтү менен да кеңири кызматташып жүрөт. “Хезболла” менен Газа секторундагы “Хамас” уюму да тыгыз кызматташып алышкан.
Ливан уникалдуу өлкө. Анткени, ал жерде христиан, ислам жана иудаизм конфессиялары болжол менен бирдей паритетте жашап келишет. Анысы аз келгенсип, христиандары католиктер жана православдар болуп бөлүнүшөт. Протестанттар да жок эмес. Ал эми ислам динине келсек, Ливанда сунниттер менен шииттер сандары боюнча теңдеш топ болуп жашашат. Конфессиялар аралык араздашуулар абдан курч. Натыйжада, 1975-1990-жылдары Ливанда 15 жылдык жарандык согуш дал ошол эрегишкен конфессиялардын ортосунда от алып келген. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөрчү, мисалы, ал учурда премьер-министр болуп мусулман-суннит, президенти христианин-маронит, ал эми парламенттин спикери мусулман-шиит болуп алышкан, б.а. өлкөнүн саясый бийлиги диндик ээликтерине карап түзүлүп калган. Ошол эле учурда өлкөдө өзгөчө дини бар друздарга бийликтин бир дагы бутагы берилген эмес. Ушундай да болчу беле? Анан ыйкы-тыйкы сөздөр күчөп, алардын азабынан мамилелер бузулуп, ич ара согуш оту тутанган. Мен мындан улам, 2009-жылы Кыргызстандын дин комиссиясын жетектеп жүрүп, өлкөбүздөгү диний кырдаалды “Ливан синдрому” деп атап, кыргыз мусулмандары менен кыргыз христиандарынын ортосундагы опурталдуу абалга тынчсызданып, бир нече маектерди ММК аркылуу берип жүргөн жайым бар. “Эгер кокустан ушул себеп менен бизде катуу тирешүүлөр орун алып кетсе, анда бир жаман адатыбыз катары кеңири жайылган “түндүк-түштүк” араздашууларыбыз жаш баланын оюнчугу эле болуп калат” деп какшагам. Тилекке каршы, мындай тынчсыздануум эмдигиче эч кимди ойлонтуп да койбойт. Мисалы, ушул күндөрдөгү “арабкул, “орускул” жана “теңирчи” деген былжырак сөздөр менен кыйсыпыр түшүп араздашкан мекендештеримдин аягы эмне менен бүтөрү белгилүү го? Биздеги майда жана ири диний секталардын жамырап көбөйүп, өлкө ичине кеңири жайылып кеткенин айтпай эле коёюн. Абалыбыз азыркыга чейин өтө оор. Бирдиктүү саясатыбыз да жок. “Жараткан өзү сактасын” деп гана тим болуп жүрөбүз. Бул пикирлер менин жан кыйкырыгым, ачуу сөздөр менен эскерткен жеке оюм.
Ошентип, “Ливан синдромунун” азабынан 1982-жылдагы өлкөлөр аралык “1-Ливан согушуна” алып келди. Израиль Түштүк Ливанды басып кирди эле, ага “Хезболла” дароо каршы аттанып чыкты. Натыйжада, иудейлер ПБУнун согуш базасынын таш-талканын чыгарып, Ливандын борбору Бейрутту басып алды. Анан эмне болду? Палестинадан качкан сунниттер Ливанга толуп кетти. Ансыз да азчылыкты түзүшкөн, бирок бийликти негизинен ээлеп келишкен христиандардын кордуктарына каршы Ливан шииттери көтөрүлө башташты. Сырттан Иран жардам берди. “Хезболланын” негизиги максаты: эми израилдик аскерлерди Ливандан кууп чыгуу. 2000-жылы Израиль жоокерлерин алып чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бирок, “Хезболла” өзүнүн максаттарына жеткени менен чек араны контролдоп алып, кайра күчөп кирди. Бүгүн “Хезбола” Ливанда расмий саясый партия катары таанылган. Алар 2022-жылы парламенттин 128 мандатынын 61ин алып отурушат. Мындан сырткары, бул кыймыл кеңири социалдык ишмердүүлүк менен алектенет: ооруканаларды жана мектептерди камсыздайт. Ошондуктан, Ливан элинин калың катмарынан колдоо таап келет. “Хезболла” өзүнүн негизги душманы катары АКШ менен Израилди эсептейт. Түрдүү демонстрацияларда “Америкага өлүм!” деген лозунгдардан кайра тартышпайт. Бул уюмдун жетекчилеринин позициясы абдан катуу. Алар “Израилди жок кылмайынча Жакынкы Чыгышта тынчтык орнобойт” деген саясатты карманышат. Дагы бир өзгөчөлүктөрү – алар Куран менен катар эле Ирандын легендарлуу аятолласы Рухолла Хомейнини жана анын идеологиясын туу тутушат. 1985-жылы кабыл алынган манифестте “Хезболла” негизги лозунгдарын жарыялашкан: “Ливандан баардык колониалдык ишканаларды кууп чыгуу жана өлкөдө ислам тартибин орнотуу”. Ушул эле манифестке ылайык, бул уюм Ирандын жогорку лидерине баш ийерин билдирген. Анын башкаруу иерархиясы да абдан олуттуу. 2023-жылы “Хезболланын” башчысы болуп Хасан Насралла шайланган. Ал өзү бул уюмду 1992-жылдан бери эле башкарып келчү. Ага чейинки лидер Аббас аль-Мусави үй-бүлөсү менен кошо Израилдин Коргонуу армиясы (Цахал) аркылуу жок кылынган эле. Ошондой ыкма менен эми Насралла да 2024-жылдын 27-октябрында Бейруттагы штаб-квартирасында өлтүрүлдү. “Хезболланын” армиясы Ливандын шииттер жашаган райондорун, Түштүк Ливанды жана Бекаа өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнө ээлик кылат. Армиясынын так саны белгисиз. 10 миңге жакын согушчандары жана 5 миңден ашуун резервисттери бар дешет. Мындан сырткары, алардын заманбап согуштук арсеналдары бар экендиги айтылып келет.
“Хамас” исламдын сунниттик агымына таандык. Ал эми “Хезболла” – булар шииттер. Чынында, “Хамастын” “Хезболладан” айырмаланып, олуттуу структуралык иерархиясы байкалбайт. “Хамас” Палестинанын Газа секторунда гана жайгашса, “Хезболла” – Ливандын дээрлик баардык аймактарына тарап кеткен. Алардын регулярдык согушчан армиясы, аскер техникалары бар жана алар “Хамаска” караганда радикалдык көз караштары менен белгилүү. “Хезболла” Иран менен Сириядан согуштук колдоолорго кеңири ээлик кылып келет. Израиль, “Хезболланын” жана алардын араздашууларына кошулууга аргасыз болгон көз карандысыз өлкө Ливандын ортолорунда тарыхый, саясый, идеологиялык, аймактык талаш-тартыштар ондогон жылдар бою эле уланууда.
Азыркы абалды карап, анализдеп отуруп, ар кандай жаман ойлорго жетеленесиң. “Хамастын”, былтыркы, 2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге жасаган чабуулу кырдаалды ого бетер күчөтүп жиберди. Эми бул согуш узакка созулат окшойт. Мени тынчсыздандырган нерсе, ядролук державалардын кийлигишүүлөрү болуп турат. Алар кимдер? Бир жагынан АКШ баштаган согуштук блок НАТОнун мүчөлөрү. Экинчи жагынан Иран, Украинадагы конфликттерде бириге калышкан Россия, Кытай, Түндүк Корея, анан өздүк амбициялары өсө баштаган БРИКСтин мүчөлөрү! Азыркы тапта ядролук державалар кайсылар жана алардагы арсенал канчалык зор жана коркунучтуу? Бүгүнкү күндө ядролук державалар АКШ (1945-жылдан бери), СССР-Россия (1949), Улуу Британия (1952), Франция (1960) жана Кытай (1964) эсептелишет. Бул өлкөлөр убагында ядролук куралдарды таркатпоо келишимин түзүшкөн. Бирок, бул келишимге кирбей эле ядролук куралга ээ болуп алышкан мамлекеттер бар. Алар: Индия (1974), Пакистан (1998) жана Түндүк Корея (2006). Мындан сырткары, Израиль дагы ядролук куралды жасап алган деген версия бар. Бирок, бул өлкө “бар” же “жок” дебей “кылыктанып” келет. Менимче, бар. Анан Иран жөнүндө. Бул өлкө өздүк ядролук программасын активдүү улантып келгени маалым. Негизинен, алар энергетикага басым жасап келгендей түр көрсөтүшөт. 2015-жылы Иран менен 6 дүйнөлүк державалар – АКШ, Россия, Кытай, Франция, Германия жана Англия биргелешкен ядролук келишим түзүшүп, ирандык ядролук программаны чектешкен болчу. Алтургай Иранга тагылган экономикалык блокаданы жеңилдетүү жагы да каралган. Бирок, АКШ адатынча 2018-жылы келишимден өз алдынча эле чыга качып отурат. Муну көргөн Иран дароо эле уран программасын кайрадан күчөтүп кирди. Балким эмдигиче ядролук куралды жасап алгандыр...
Эми ядролук куралдардын канча санда бар экендиги жөнүндө. Бул маалыматты 2024-жылга карата ачык интернеттен (ChatGPT) эле болжол менен алсак:
- Россия – 5889 даана (даярлары, резерв жана сакталып тургандары).
- АКШ – 5244 даана (даярлары, резерв жана сакталып тургандары).
- Кытай – 410 даана (саны тез өсүүдө).
- Франция – 290 даана.
- Улуу Британия – 225 даана.
- Пакистан – 170тен 175ке даанага чейин.
- Индия – 164төн 168ге даанага чейин.
- Израиль – 90 даана.
- Түндүк Корея – 40тан 50 даанага чейин.
Мындан сырткары, адамзат башына балакетти үйүп, “булганыч атомдук бомба” дегенди ойлоп таап отурбайбы! Бул курал кадимки эле жарылуучу заттар, мисалы, динамит менен радиоактивдүү материалдардын биргелешкен конструкциясы болуп эсептелет. Муну радиологиялык чачыроочу курал деп атап жүрүшөт. Мындай бомбалар катуу кыйраткыч жарылууну пайда кыла албайт. Адамдардын массалык кырылышын деле уюштурууга кубаттуулугу жетпейт. Бирок, ал абдан кеңири аймактарды радиоактивдүүлүк калдык менен булгап салат. Ошол аймакта адам баласы, баардык тирүү жаныбарлар, өсүмдүктөр, жер-суу жана аба узакка созулган “радиоактивдүү ооруларга” дуушар болушат! Анын экономикалык жана психологиялык терс таасирлери өтө көп.
Азыр адамзат дилемманын алдында турат. Мурдагы бир уюлдуу дүйнө түзүмүн сактап калуу же көп уюлдуу форматка кайтуу. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүнүн позициялары – СССР менен социалисттик лагерь кыйрагандан бери эле бир уюлдуулукту коргоп, дүйнөнү каалагандай калчап келүү. Мындай конфигурациянын айынан акыркы 35 жылда дүйнө жүзү боюнча тынымсыз согуш оттору тутанып келди. Анткени, СССР менен кошо Варшава Келишими кыйрап жок болду. ХХ кылымдын 90-жылдары АКШ баштаган “батышчылдар” “НАТОнун чыгышка карай кеңейүүсүнө жол бербейбиз” деп сөз берип алышып, тескерисинче, анын чек арасын Россия менен Беларуска чукулунан такап коюшту. Натыйжада, Жакын Чыгышка кошулуп, согушту пайда кылган дагы бир аймак пайда болду. Ал – Украина. Бул өлкө акыркы 30 жылда өзүнчө түтүн булатканы менен өтө шамдагайлык кылып, НАТОнун ачык таасирине өтө баштады. Күжүрмөн жана тынчтыкты сүйгөн украин элинин кызыкчылыгы эске алынган жок. Улутчулдук менен куралдануу аракеттери күч алды. Акырында Донбасс менен Крым аймагында критикалык кырдаал түзүлдү. Россиянын истеблишментинин пикиринде, бул аймактарда көпчүлүктү түзүп жашашкан орус тилдүү жарандар катуу кысымчылыкка дуушар боло башташты. Анан Киевдеги кезектеги “Майдан” күчөп, Россия менен ар дайым конфронтацияга барууга даяр турган бийлик келди. Крым Россияга бирикти, Донбасста 2014-жылдан баштап согуш оту тутанды. Натыйжасын мына, күнү бүгүнгө чейин көрүп отурабыз. 2022-жылдын февралында Россия Атайын согуштук операцияны (АСО-СВО) баштоого бел байлады. Элге убал болду. Жарандардын өлүмдөрү эки жакты кошкондо 1,5 миллиондон ашканы боюнча маалыматтар бар! Муну кимге кереги бар эле? Суроо толтура, жооптор жок! Акырында “ядролук шантаждарга” өтүштү. Жакынкы Чыгыш менен Украинадага кризистин окшоштук жактары дал ушул кыйраткыч ойлор. Эки аймакта тең ядролук державаларды өз жактарына тартышып, ошондон жеңүүчү болобуз деген сокур сезимдер үстөмдүк кылып келет. Экөө тең НАТОнун согуштук арсеналына жана аскерий күчтөрүнө таянып, аларды активдүү согуштук аракеттерге өткөрүүгө жандалбастап келишет.
Дүйнө чоң катастрофанын алдында турат. Бир гана ишенич – бул адамзаттын прогрессивдүү көз караштагы бөлүгүнүн чекиндүү аракеттеринде калды! Дүйнөлүк аламан жарыш менен согуш отун тутандырууга камынган агрессорлорго катуу каршы тура алган жаратман күчтөр дагы деле жетиштүү. Биздин Кыргызстаныбыздын ошол жаратмандар жагында болуп, активдүү интеграциялык демилгелерди көтөрүп келүүсү, албетте, чоң жакшылыктардан кабар берет. Ылайым согуш болбосун!