Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уяты болсо Уран Шамбетов өз арызы менен кызматынан кетиши керек эле

Уяты болсо Уран Шамбетов өз арызы менен кызматынан кетиши керек эле

25-июль, 09:00
512 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Сокулук РИИБ начальниги Уран Шамбетовдун уяты болсо, өзү эле арызын жазып, жумуштан кетип калса жарашмак. Дегенибиз, ишинде көп катачылыктар кетип, кыйла шалаакылыктарга жол берип келет. Эмесе, жакындагы эле терс мисалдарды санайлы. ИВС кызматкери камактагы аялдан акча алып, мейманканадан “өнөктөшү” менен жолуктуруп, бул жоругу УКМК тарабынан ашкереленип, ызы-чуу чыккан. Дагы бир инспектору ок атуучу куралдарды сатып атканда кармалганы ырас. А мурдагы пара алгандарды унуттуңарбы? Кыскасы, өздүк курамдын ичинен орун алган кылмыштар арбын. “Балык башынан сасыйт” демекчи, эгерде начальник кыраакы, иштерман болбосо, кол алдындагылары билгендерин кылышып, форма кийген кылмышкерлерге айланып кетишет тура. Ооба, факт деген өжөр нерсе. Сокулук РИИБси ичтен ирип аткан соң, Уран Шамбетов иштей албаганын моюнга алып, сыйы менен кызматынан четтеш керек эле. Тилекке каршы, креслосунда тырышып отурат. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер