Акыркы кабарлар
» Саясат » Атамбаевдин үйүн балдарга берүүнү суранган Анжеликаны министр кабыл алды
Атамбаевдин үйүн балдарга берүүнү суранган Анжеликаны министр кабыл алды
16-август, 11:37


Буга чейин ырчы Анжелика абактагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн шал оорусу менен жабыркаган балдарга реаблитациялык борбор катары берүүсүн Садыр Жапаровдон суранган.
Ырчынын кайрылуусу көз жаздымда калган жок. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 15-августта ырчыны кабыл алып, мурдагы президенттер Курманбек Бакиевге, Алмазбек Атамбаевге таандык жер тилкелерине балдар үчүн реаблитациялык борбор куруларын, долбоор даяр экенин билдирген. Бул туурасында Анжелика социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырды.
"Акыркы күндөрү ДЦП менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин өтүнүчү боюнча жасаган кайрылуум көп талкууга түштү. Анда Атамбаевдин уулу, тарапташтары жана адвокаты тарабынан дагы ыплас сөздөрдү уктум. Андай жагымсыз жооп берүүлөрүнө териккен жокмун. Себеби, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тагдыры алардын кемсинтүүсүнөн маанилүү, балдар үчүн чыдап коём. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин кабыл алуусунда болуп, социалдык жактан коргоого алына турган жарандар тууралуу сүйлөштүк", - дейт ал.










