Бул үйдө жашай берсем болбочудай, жеңеме сүйүүм күч алып барат...

Саламатсыздарбы! Сиздердин порталга окурмандардан келип түшкөн каттардын ар бирин окуп жатам. Анан ойлонуп отуруп, мен да кат жазууну эп көрдүм.
Жашым жыйырма алтыда. Үй-бүлөдө жети бир тууганбыз. Эки кыз, беш уул. Уулдардын кенжесимин. Баары үйлөнүп, үйлүү-жайлуу болушкан. Менден эки жаш улуу агамдын жубайы Айнагүл мени менен тең. Айнагүл жеңемди биздин үйгө келгенде эле жактырып калгам. Эх, перидей кызды колукту кылып алган агам кандай бактылуу! Ал келгени апам оокаттан бошоп, колу узарып, «ай, келин» деп мойну узарып, жыргап эле калды. Тамактын түрлөп жасап берет.
Жайдары, ачык мүнөзү, адам менен бат тил табышып кеткени, айтор, баары жагат. Тим эле курбулардай шарактап сүйлөшөбүз. Мурун көп сүйлөбөгөн момун мүнөз ата-энемди да бал тилге салып, тамашалашканга көндүрүп койду. «Эх, агама эмес, мага жолуксаң кана!» деп ичимден бир аттиң кылып алам.
Жол ачылып, билет арзандаса Москвага сапар алганы турам. Жаңы жылдан кийин пандемия бүтүп, баары жакшы болуп калар. Бул үйдө жашай берсем болбочудай. Ага болгон сезимимди агам байкап калып, кызганып, жашоосу бузулуп жүрбөсүн деп жатам. Бирок Айнагүл, сага болгон аруу сезимимди жүрөгүмдөн кантип өчүрөрүмдү билбей жатам?..
Айбекнур