Урматтуу профессор, сиз айткан миссияны байкуш мугалим кантип аткарат?

Урматтуу педагогика илимдеринин доктору, коомдук илимдердин бардык тармактары боюнча терең маалыматы бар, өлкө ичиндеги ар кандай терс көрүнүштөргө элдешкис күрөш жүргүзгөн публицист Советбек Байгазиев, сиз СССР убагында эле, мындан 40-45 жыл мурун “Иниме кат” деген сыртынан кичинекей болгон менен ичиндеги ойлору бир төөгө жүк болгон китебиңиз аркылуу ошол убактагы инилериңиздин илим-билимге бой салбай кош көңүл мамиле жасап, барган сайын интеллектуалдык жактан артта калып баратканына зээниңиз кейип жазган элеңиз. Бирок андан инилериңиз тийешелүү жыйынтык чыгарган жок го дейм. Анткени кайда гана карабаңыз, инилериңиз жеңил-желпи жашоого ыктап, пайда, анан акча табуунун гана жолуна түшүп алган.
Анткени кыргыздын №1 душманы Аскар Акаев аз эле жерден ар бир айылга университет ача жаздап, илим-билимдин кадыр-баркын кетирди. Атаганат десеңиз, сиз окуган, биз окуган Кыргыз мамлекеттик университети кандай кол жеткис бийик даражалуу окуу жайы эле! Анын окутуучуларын мен М.В.Ломоносов атындагы университеттин окутуучуларындай эле көрчүмүн. Ар бир лекция бүтүндөй бир китептеги илимден кабар бергендей таасир калтырчу. Азыр анын бири жок. Жети облустагы жети университетти бүтүргөндөр байпак сатып базарда отурушат.
Урматтуу профессор, сиз “Азия Ньюс” гезитине “Ала-Тоолук мугалимдин миссиясы” деген макала жарыялап, “XXI кылымдагы кыргыз жаштарынын илим-билимдүү болушу силердин ыйык милдетиңер” депсиз. Туура, ошондой. Бирок бүгүнкү күндөгү билим берүүчү орто мектептин жалпы көрүнүшү, андагы мугалимдердин башынан өтүп жаткан адамгерчиликтин чегинен чыгып кеткен мүшкүлдүү окуялары эмне, сизге белгилүү эмеспи?!
“Өзүңдүн укгуңду коргоп, ата-энеңди, окуткан мугалимиңди сотко бер” деген мыйзам ишке киргенден бери мугалим байкуш болуп, окуучулардын тебелендисинде калган. Ушунун кесепетинен мугалим окуучусуна окуу-тарбия боюнча катуу талап коё албайт. “Үнүм катуурак чыкса, окуучулардын кимиси “укугумду тебеледи” деп телефон аркылуу жарыялап жиберер экен?” деп чочулап турат. Мугалим сабак түшүндүрүп жатканда, окуучу телефондон интернеттеги ар кандай уятсыз көрүнүштөрдү карап отурат. Тартипке чакырып, “сабакка көңүл бур” деп айта албайт. Ушундай акыбалдагы байкуш мугалим сиз айткан миссияны кантип аткарат?! Аткара албайт!
Өзүңүз жакшы билесиз, АКШнын эли бүткүл Европанын ар түрдүү элинен куралган, бир түрдүү улуту жок, байлык үчүн, жаңы жер-сууну ээлеш үчүн түпкүлүктүү элди коён-кекилик аткансып, ырайымсыздык менен кырып-жоюп отурукташкан немелер. Алар алпештеп баккан ата-энесин, билим берген мугалимин сотко берсе жарашат. Ушундай нерсе алардын жүрүм-турумуна, тарбиясына туура келет. Мындай жосунсуз жоруктар кыргыздын каада-салтына, үрп-адатына, кыял жоругуна, улуттук тарбиясына туура келбейт. Ошондуктан чыгаан окумуштуу, элге-журтка аттын кашкасындай таанымал сиз өңдүү белгилүү адам улутубуздун каада-салтына туура келбеген нерселерди колдонуудан алып таштоону катуу талап кылса, президент баш болуп укпай коё албайт. Эгер сиздин талапты угушпаса, аткаруу үчүн колдобосо, анда алар өз элинин келечегине кайдыгер караган, улут катары жок болсо мейли (!) дегендер.
Бүгүнкү күндө бардык акыл-эстүү, “эртеңки күн кандай болот?” деп жүрөгү сыздап ойлогон ата-энелерди түйшүккө салган кайгылуу көрүнүш бул – уюлдук кол телефон. Илгеркидей кыймылдуу оюндарды ойноп, чогулган жерде эки-экиден күрөшүп жатчу эркек балдар бурч-бурчта телефон шыкаалап отурушат. Кыймыл – бул жашоо да. Жаш туруп кыймылсыз бир бурчта үңүрөйүп отурган бала дене бой жагынан толук өспөйт, ойлонуу, кыялдануу деген болбойт. Демек, акыл-эс жагынан да артта калат. Көзү чала көргөн же дээрлик көрбөй калган, түртүп койсо жыгылып кеткен, бир нерсени эске тутуудан ажыраган, артыбыздан кибиреген адам сымактар келеби?
Урматтуу профессор, ушуларды ойлогондо денең дүркүрөйт. Анткени даанышман ата-бабабыз “элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” деген эмеспи. Келечек муунду кол телефондун баңгилигинен кантип сактап калабыз?! Эгерде сиз, сиз аркылуу жалпы эл-журт туура көрсө, интернет деген бузуку кесепетти жалпы эл үчүн жабыш керек. Интернетти өкмөт, министрликтер, анан журналисттер гана колдонсун. Ошону менен бирге “кол телефонду 18 жашка чейин колдонууга болбойт” деп мыйзам менен бекитип коюш керек. Антпесек, баланын акыл-эсине, ден соолугуна маани бербеген бүгүнкү күндүн жаш энелери кол телефонду бала соороткуч кылып алышыптыр.
“Балдар китеп окубай калды” дегенди кадыресе сөз катары айтып калдык. “Балдардын китеп окубай калганы китептери чыкпай жаткан акын-жазуучулар үчүн эмес, балдар үчүн трагедия. Анткени илгеркидей санжыра-тарых, нуска сөз айтып отурган чоң ата, чоң энелер жок. Бүгүнкү күндөгүлөр “арак ичип, жыгылып калыптырмын” дегенден башка эмнени айтат? Өздөрү телефон чукулап отурушса!
Китеп – адамдын акыл-эсинин түбөлүк байлыгы. Бул жөнүндө көрүнүктүү адамдардын бардыгы айтып да, жазып да өтүштү. Баланын жандүйнөсү таза. Ушул жандүйнөнүн акыл-эсин байытып, ойлонуусун, кыял чабытын өстүрүүчү бирден-бир каражат – китеп окуу. Ошондуктан интернет менен кол телефондун зыяндуу кесепеттеринен укум-тукумдун келечегин сактап калуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Ыйык милдетибизди бүгүндөн баштап колго албасак, ал өзүбүздүн өзүбүзгө душмандыгыбыз, чыккынчылыгыбыз.
Эгерде жогорудагы терс көрүнүштөр жоюлбай кала берсе, ата-бабабыздын арбагы бизди кечирбейт. Анткени олуя-заабалар бүгүнкү биздин башыбыздан өтүп жаткан окуяларды 800 жыл мурун көзү көрүп тургандай айтып өтүшкөн. Ошолордун бири Кет Бука. (Орозбек Айтымбетов “Кара Кыргыз” тарыхы, 4-том, 103-бет).
Рашид ад-Дин (Чыңгызхандын тарыхчысы мындай дейт: “Кит (Кет дегени) Бука ачуулуу арстандай жаалы катуу, ажыдардай баатыр болгон. Ошон үчүн Чыңгызханга улуу баласы Жучинин (Жоочунун – О.А.) өлүмүн угузганда: “Кет, кет Бука, кеби жаман ит Бука” деген. Ошондон улам Кет Бука аталып калган.
“Кет Бука өз заманынын эң атактуу акыны болчу. Мындан 8 кылым (800 жыл) мурда өмүр сүргөн Кет Бука бабабыз өз калкына “Сак болгун” аттуу осуятын калтырган” дейт Орозбек Айтымбетов. А мен (Мукан Усубакунов) Кет Бука бабабыз XXI кылымда кыргыздын башынан кандай окуялар өтөрүн көзү менен көрүп тургансып, так, таамай айтыптыр. Мына ушундан эле кыргыздын өзгөчө касиеттүү эл экени көрүнүп турат.
Көгүш тоону кыян жууп,
Көрк бузулат сак болгун.
Көсөмдөрүң элди алдап,
Көч бузулат сак болгун.
Өзөгүңө өрт таштап,
Өз бузулат сак болгун.
Сөөлөтүнөн ажырап,
Сөз бузулат сак болгун.
Салкын тоону кыян жууп,
Салт бузулат, сак болгун.
Намыс түтөп, ар түтөп,
Нарк бузулат, сак болгун.
Кара тили калп айтып,
Карт бузулат, сак болгун.
Калыс сөзүн айта албай,
Калк бузулат, сак болгун.
Кызыл тоону кыян жууп,
Кырман качат, сак болгун.
Кыз-уланың дүйнө кууп,
Кырдан качат, сак болгун.
Кырды-түздү жат элге,
Кыйган качат, сак болгун.
Кылгылыкты кыргызга,
Кылган качат, сак болгун.
Тулпар тоону кыян жууп,
Тул болосуң, сак болгун.
Кудагыйсыз, кудасыз,
Кун болосуң, сак болгун.
Кубат күчүң соодалап,
Пул болосуң, сак болгун,
Кудуреттүү элдерге,
Кул болосуң, сак болгун.
Ата-бабабыз көздүн карегиндей сактап келген Ала-Тообуз менен кыргыздын калпагы аталган түбөлүк мөңгүлөрдү канадалык жырткычтар талкалап, бир тоону орду-түбү менен жок кылышты. Көрк бузулбаганда эмне болду?!
Күлүп сүйлөгөн Аскар Акаев эртең мененки сөзүн кечинде танып, кечинде айтканын эртеси танып, айтканы бүт калп болду. “Сыныктан башканын баары жугуштуу” демекчи, аны көргөн Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, айыл өкмөт башчысына чейин куру убада, кургак сөз менен элди алдаганды кесип кылып алышты. Бүгүн да ушундай. Ошентип, ата-бабанын жолунан адашып калдык. Көч бузулбаганда эмне болду?!
Олчойгон чет өлкөлүк байлардын акчасына алданган бейөкмөтчү аялдар өздөрү менен кошо келин-кыздарга тескери тарбия беренге өтүштү. Өз бузулбаганда анан жакшы болдубу?!
Кыргыз кыргыз болуп жаралганы миңдеген жылдардан бери эч кошулмасы жок “бөдөнөдөй кайран көз, бөлөк-бөлөк жаш кетти” деп куюлуштуруп таза сүйлөгөн бай кыргыз тили орусча кошуп, чулдурап калдык. Сөз бузулбаганда кантти?!
“Өз укугуңду коргоп, алпештеп баккан ата-энеңди, билим берген мугалимиңди сотко бер” деген Батыштын тарбиясын кабыл алып, бала ата-эненин тилин укпай калды. Улууну урматтаган, кичүүдөн ызаат кылган улуттук тарбиядан кол жууп баратабыз. Каада-салт мындан артык дагы кандай бузулат?!
“Коёнду камыш, эрди намыс өлтүрөт” деп жеке өзүнүн керт башынан ар-намысты жогору койгон кыргыз жигиттери кадыр-барктуу кызмат орунга жетиш үчүн даражалуу адамдардын алдында кулдук уруп, бүжүрөп кошомат кылып, нарк бузулбаганда эмне болду?!
Өзүнүн карылык каадасын кармай албай, сакалдуулар “дүжүр чал” атка конушту. Акча, байлык, кызмат даражасы үстөмдүк кылып, “оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн” деп эки жүздүүлүк эл арасына кеңири тамырлап баратат. Ошондуктан калыс сөзүн айта албай калышты. Айткан күндө да алардын сөзүнөн эч тыянак чыкпайт. Калыстыктан кеткенден кийин калк бузулбаганда эмне болду?!
Курама жыйып журт кылып, кулаалы таптап куш кылып, Манас атабыз кыргыздын баш-аягын жыйды эле. Бүгүн кыргыздын кыз-келиндери “акча табабыз” дешип көрүнгөндүн ирегесинде итине чейин багып, эл-журтун багуучу жигиттер Ала-Тоону таштап, дүйнөнүн булуң-бурчуна тентип кетишти.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров “мигранттар акча которуп, бюджеттин бир капталын толтуруп жатат” деп, ошого сүйүнүп отурат. Ата-энеси тентип кеткен жүздөгөн балдар тирүүлөй жетим болуп жүрүшөт. Буга зээни кейиген эч ким жок.
Он беш союздук республиканын ичинен кыргыздар гана жерин сатты. “Ата-бабадан калган ыйык жерибизди саттырбайбыз” деп Жогорку Кеңештин депутаттары тикесинен-тик тургандын ордуна “бизди кошо сатсаң мейлиң” деп Аскар Акаевге кулдук уруп, келин болуп жүгүнүп калышты. Жерди сатып аягында өзү качып жоголду. Өзүнүн баласы Максимге окшогон 87 кыргыз жигиттерин снайпер менен аттырып, миңден ашык кишини майып кылып, кылгылыкты кыргызга кылып туруп, Курманбек Бакиев чет өлкөгө качып алып кете берди.
Кыз-келиндерибиз кытайга, негрге, англичан, француз жана башкаларга күйөөгө тийип кетишти. Жогоруда аты аталган элдер бизге куда-сөөк болбойт да. Бирок бул үчүн келин-кыздарыбызды күнөөлөгөнүбүз кем акылдыкты гана билдирет. Үй-бүлө боюнча каада-салтты сактай албаган күнөө эркектерде.
Ошондуктан 800 жыл мурун жашаган Кет Бука бабабыздын көзү менен көрүп тургандай олуялыгына таазим гана кылыш керек. Ооба, олуя атабыз айткандай, албан-субандай болгон жигиттерибиз каруу күчүн соодалап, көрүнгөндүн оор жумушун жасап жүрөт. Атаганат десең, тунук акыл-эси менен күч-кайратын өз элине жумшаса, өнүгүү жагынан биз деле эч кимден кем калбайт элек.
Ууру-бөрү талап-жеп кете тургандай болгон бүгүнкү көрүнүшүбүздү “Кош ата-журт койчусу жок” деп Толук-Бек Байзаков деген жигитибиз (Москвада жашайт) бир сап ыры менен таамай айтып койгон тура.
Эмки сөз сизде, урматтуу Советбек мырза!