Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кийинки сот процессине чейин Атамбаев ачкачылык кармаса, өлүп калбайбы?

Кийинки сот процессине чейин Атамбаев ачкачылык кармаса, өлүп калбайбы?

29-ноябрь, 17:47
1 131 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тергөө абагынан Алмазбек Атамбаевди бүгүнкү сот процессине мажбурлоо жолу менен алып келишкенин адвокаты Замир Жоошев менен Кундуз Жолдубаева айтып чыкты. Эгерде экс-президент адаттагысындай эле баш тартууга барса, ага карата күч колдонулмак экен. Камерадан сүйрөшүп жүрүүнү каалбаган Атамбаев макул болуптур. 

Эске салсак, Биринчи Май райондук сотунда кримавторитет Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча сот процесси болууда. Кийинки отурум 6-декабрга жылганы адвокаттар тарабынан кабарланды. Эң орчундуу маселе, эмки процесске карата Атамбаев саясый акция кылууга бел байлаганы каңкууланууда. Башта айтылгандай эле ачкачылык кармайбы? Ансыз да Атамбаевдин ден соолугу солгундап, кан басымы түшүп атканы кабарланып келген. Эгерде ачкачылык кармаса көтөрө албай, тергөө абагынан өлүп калбайбы?..

Андыктан, саясый кризиске жеткизбөө үчүн “ийкемдүү жолун” табуу керек...


Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер