Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат эже жалжаңдап түшкө кирди. Сүйүп калдым окшойт...

Гүлзат эже жалжаңдап түшкө кирди. Сүйүп калдым окшойт...

01-июль, 22:26
495 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Гүлзат Мамытбекке!)

Түшүмө Гүлзат Мамытбек кириптир. Кызык эле. Жалжаңдап мага суу чачып атыптыр. Экөөбүз кубалашып ойноп жүрөбүз. Анан суу бойлой коктунун ичине куушуп бараттык. Жашыл тулаң чөпкө басып жыгылып, уйпалаша баштаганыбызда арыдан кара аюу атырыла чыгып, бизди көздөй чуркап келатканда ойгонуп кеттим... Кудай сактай көр! Ушундай да түш болобу? Өзүмчө уялдым. Анан ошол күндөн бери Гүлзат эжени көп ойлоп, кыжалаттыкка бата баштаганымды карачы? Бул сүйүүбү? Ал менден 13 жаш улуу экен. Экөөбүз тең бойдокпуз. Жеке кызыкчылык үчүн жолугуп көрүүнү эңсеп калдым. Кокус тил табышып кетсек, накта сүйүүгө малынсакчы? Мен мугалим болуп иштейм, ал дагы англис тилчи тура. Айтор, башым ката баштады. Негизи Гүлзат Мамытбектин башынан көп окуялар өтүптүр. Күйөөсү менен ажырашып, чырдашып, ызы-чуудан башы чыкпаптыр. Түрмөгө да камалып, көрбөгөндү көрүптүр да. Шоу бизнеске да аралашып, ырдаган жагынан да өнөрүнө таңгалдым. Ар тараптуу талантына баа бердим. Бирок жолуккандан коркуп, сестенип, айбыга баштадым окшойт. Эмнеси болсо да, бир кезигип көрсөм, чын эле кубалашып ойнойбузбу? Бирок кайра кол үзүшүп кетет окшойм. Себеби, жанды койбосо керек. Көпкө кармалсаң оңбой калчудайсың...


Мирлан, мугалим 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер