Темирбек Асанбеков: “Система тазаланбаса, улуттук баалуулуктарга коркунуч бар”
-- Жаңы сунушталган Конституциянын тексти менен толук таанышып чыктыңызбы? Анын кайсы тараптары көңүлүңүздү бурду?
-- Албетте, сунушталып жаткан Башмыйзамдын коомго маанилүү жактарына терең баам салдым. Өзгөчө адам укугун, эркиндигин сактоо, маалымат булактарына сөз эркиндигин камсыздап берүү, жарандардын социалдык муктаждыктарына кепилдик берүүчү милдеттердин сакталуусуна көңүл койдум.
-- Демек, сиз 11-апрелде боло турган референдумда Конституцияны колдоого алат экенсиз да?
-- Келе жаткан референдумда сунушталып жаткан Конституцияны колдоо керек. Болбосо, бизде көптөн бери коомго терс таасирин тийгизип жаткан эски саясый амалдуу ыкмалардан арылбай, мындан да оор кырдаалга барып такалабыз. Тезирээк жаңы Башмыйзамды кабыл алып, чечкиндүү саясый кадамдарга баруу маанилүү. Себеби, бийлик бутактарында өзүнүн таасирин күчтөндүрүп алган олигархтардан, жеке кызыкчылыгын көздөгөн эки жүздүү эски саясатчылардан системаны тазалабасак, улуттук экономикабыз мындан да оор абалга кептелет. Акыры элибиздин турмуш деңгээли өтө төмөндөйт. Ошентип, социалдык маселелерди саясый курал катары колдонушуп, мамлекетибиздин улуттук баалуулуктарына коркунуч жарата турган радикалдуу күчтөрдүн бийликке келүүсүнө жол ачылат.
-- Президенттин Өзбекстанга болгон иш сапарында 20дан ашык келишимге кол коюлду. Мунун арты менен эки тараптуу кызматташуу жакшырабы?
-- Эл аралык деңгээлде мамлекетибиздин кадыр-баркын, саясый-экономикалык кызыкчылыктарын дипломатия аркылуу коргоп, тышкы саясатыбызды туура жүргүзгөнүбүз жакшы. Чынында, кошуна мамлекет менен болгон ич ара келишимдерди, чек ара маселесине байланыштуу официалдуу документтерди өз көзүм менен көрүп, таанышкан жокмун. Ошондуктан Садыр Нургожоевичтин Өзбекстанга болгон расмий иш сапарына баа берүүгө даяр эмесмин. Мамлекет башчылардын ич ара жолугушуусу жогорку дипломатиялык жылуу мамиледе болуп өткөнүн интернет булактарынан билем.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити