Акыркы кабарлар
» Саясат » Кайрат Иманалиевге президенттин жарлыгына караганда жасалма уруктандыруу маанилүүбү?
Кайрат Иманалиевге президенттин жарлыгына караганда жасалма уруктандыруу маанилүүбү?
24-август, 00:49


Кайрат Иманалиев маданият министр болуп турганда айча бел аспиранткаларды жандаган кашка баш профессорлорду жыйнап, “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” деген долбоор даярдап, ал жарлыкка президент кол койгон. Аны азыр Кайрат Иманалиев өзү да унутуп калган окшойт. Болбосо президенттин жарлыгын аткаруу үчүн УТРКда атайын программалар уюштурулуп, элге тааныштырылып, кеңири жайылтылып, жеткирилет эле да. Азыр УТРКда “Анкалайф” деген жасалма уруктандыруучу фирманын жарнамасы, ошого байланышкан берүүлөр күрдөөлдүү берилип жатат. Кайрат Иманалиевге тигил фирмаларга окшоп мамлекет күркүрөтүп акча төлөбөсө, ал эмнеге элдик саясатты жүргүзмөк эле, урганы барбы? Туура кылат окшойт...
"Азия Ньюс" гезити











