Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сейтек Качкынбай: “Өткөн төңкөрүштүн себепкерлери да шайлоого аттанууда, бул өтө пастык...”

Сейтек Качкынбай: “Өткөн төңкөрүштүн себепкерлери да шайлоого аттанууда, бул өтө пастык...”

27-март, 12:32
817 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- 28 партия шаардык кеңешке аттанып чыгышты. Программалары менен тааныштырып жатышат. Курамдары белгилүү болду. Сиз партиялар тууралуу кандай ой жүгүртүүдөсүз?

-- Жакшы жагы, саясый плюрализм деп коёт, ар кылдуулук, ар тараптуулук бизде калыптанып калды. 28 партиянын кетип жатканы нормадагы көрүнүш. Кичине акчасы бар, кичине өзүнө ишенип калгандардын баары “мен ушул жоопкерчиликти алат элем. Ушу мен шаардык кеңешке барып өзүмдү сынап көрөйүн” деп шайлоого аттанып жатышат. Ал жерде чын ыкластан кетип жатабы, же жөн эле өзүнүн пиарлаш үчүн, элге тааныштырыш үчүн кетип жатабы – ар кимдин өзүнүн эрки. Баарына мүмкүнчүлүк берилгени – бул жакшы жагы. Ар тараптуу болуп, көп партия кетип жатканынан чочубаш керек. Саны 39 же 59 болушу деле мүмкүн. Буга кадимкидей карашыбыз керек. 

Маселе “ошол кетип жаткандардын баары чындап эле саясый партияларбы же башка максаттарды коюп кетип жатабы?” деген суроолор жаралбай койбойт. Ошол эле өткөн жылдагы революциялык кырдаалды жараткан, элди кыжырдантып толкундоого алып келген, добуштарды сатып алган партиялардын мүчөлөрү башка партия түзө калып, аларга секирип барганы бул өтө пастык, пендечилик. Моралдык баалуулуктардын тепселенгендиги, бети жоктугу. Кээде буларды көргөндө баа деле бере албай каласың. Адам баласы ушунчалык бети калың, акылы бар, бирок уят-сыйытты билбеген ыплас, балит экенин тарых тастыктап  көрсөтүп жатат. 

-- Балким, муну дагы көрүшүбүз керектир...

-- Балким. Арийне баары эмес. Араларында бизди кубанткан күчтөр дагы бар. Жаманбы-жакшыбы “Реформа” партиясына татыктуу күчтөр кошулуптур. Ошолордон өтүп калса экен деген үмүттөр бар.

-- Өлкөдө өзгөрүү барбы? Сиздин баамыңызда кандай?

-- Жалпы фундаменталдуу өзгөрүүнү көрө албай жатабыз. Элдин жашоо деңгээли төмөндөгөндөн төмөндөп, баары кымбаттоодо. Жакырлардын саны көбөйүп, эл күткөн керемет келбей жатат. 

“Айды алып берем” дегендей куру убадаларды аткарууга болгон аракеттерди байкай албай жатабыз. Элдин үмүтү дагы кандай өзгөрөт? Көпчүлүгүнүн үмүтү сууп бара жаткандай. Дагы чочулаткан нерсе конституциялык реформа. Бул Конституциянын артында “чоң бомба” жашырылып турат. Эки жылга жетип-жетпей “жарылып” кетпесе экен деген чочулоо бар.

Себеби, эбегейсиз бийлик бир жерге топтолуп, же ага ал жооп бербейт. Жооп берүүнүн механизмдери жазылган эмес. Делегирование деген түшүнүктө милдеттенмелер так бөлүнөт. Алдыда дагы экономикалык кризис, күзүндө кайра парламенттик шайлоо... бир топ эле чыңалуулар, оорчулуктар болот го деген ойдомун. 

Парламенттик шайлоодо бир мандаттуулук болсо жалаң эле байлар, капчыктуулар келет. Карапайымдар келе албайт. Депутат болуп келгендер үчүн деле укуктары чектелүү болот. Керек болсо шаардын мэрин дагы дайындай алышпайт. Шаардык кеңештин депутаты болсоң деле сенин мааниң жок дегенди түшүндүрөт. Сенсиз деле президент Бишкектин, Оштун мэрин шайлап алат деген кеп. Мурда жок дегенде аймактарда минималдык демократия бар эле, эми андан дагы кол жууйбуз. Советтер союзуна окшогон күлкүлүү колхоз-совхоз деген маданият кайра орногону калды. 

-- Балким орногонго жетишпейт...

-- Ушунда дагы чочулоо бар. Жумуртка 130, эт 500 сом, кант 62 сомго чыкты. Бензиндин баасы 46 сомго жетти. Башка азык-түлүктөр да көтөрүлүп жатат. Бийлик кичине антикризистик чараларды көрүп, чет өлкөдөн инвестиция алып келүүгө аракеттенип, жумушсуздук менен күрөшүп, конкреттүү кадамдарды жасаса болот эле. “Кустуруп жатабыз” дешет. Азыр жалпы 4 млрд. сомду “кустурушуптур”. 4 млрд. сом биздин бюджеттин 2,8 эле бөлүгү. Биздин бюджеттин бир жылдык дефицити 300 млн. доллар. “Кустургандары” 47 млн. доллар болот. Биздин дефициттин 6,1 бөлүгүн араң жаап жатат. Бизге 4 млрд. эмес 400 млрд. сом керек. Мейли үч ай, мейли беш ай “куссун”, андан кийин ким “кусат”? Жөнөкөй бизнесмендерге чейин “кустурушсун”, пирожки сатып жаткан апаларды “кустурушсун”. Алар 600 сомдон “куссун”. Баардык республика боюнча “кусса” деле 2 млрд. сом болот. 6 млрд. сом менен эмнени жабабыз? Бул акча бир койдун шыйрагынча да болбой жатат. Бир койдун керчөөсүн кой союп, эт бышырып жаткандар куйкалап жеп коюшат. Бышыргандарга жеңелери, бала-чака келип атып, бир кишиге бир чымчым араң жетет. Ошондой эле көрүнүштү элестетсек болот. Учурда өлкө ушундай оор абалда. 


Гүлжан Төрөбаева 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер