Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бегалы Наргозуев: “Жалаң демилге менен туризм тармагын өнүктүрө албайбыз”

Бегалы Наргозуев: “Жалаң демилге менен туризм тармагын өнүктүрө албайбыз”

11-март, 09:00
481 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бегалы мырза, сиз көп жыл туризм жагында иштегенсиз. Бул тармакты кантип көтөрсөк болот? Биз пайдалана албай жаткан кандай резервдер бар?

-- Бул тармакка комплекстүү мамиле керек. Туризм департаменти мен билгенден канча жакшы демилгелерди көтөрдү, бирок каржылоо маселесине келгенде аксап калышат. Жалаң демилге менен туризм тармагын дүркүрөтүп өстүрүп кетүү кыйын. Азыр бизге негизинен экотуристтер – инфратүзүмдөрдү, комфортабелдүү шарттарды талап кылбаган туристтер келип жатышат. Алар турфирмалары жок эле виза алып келип эле өздөрү кыдырып жүрө беришет. Арзан мейманканаларда жашашат. Жайлоолорго барып, бозүйлөрдө жатышат. Мурда муну “жапайы туризм” деп койчу, азыр дүйнөлүк масштабда туризмдин бир тармагы болуп калды. Ага мамлекеттик деңгээлдеги колдоо зарыл. Туризм департаментинин программасы болушу керек.

Бизде инфратүзүм көйгөйү өтө чоң. Инфратүзүм дээрлик жок десек болот. Мейманканалар, траспорттук камсыздоо, нормалдуу ажатканалар жок.

-- Инфратүзүм начар экени чын деңизчи, бирок мейманканалар азыркы кезде аябай эле курулуп жаткандай го?

-- Бишкекте көбөйдү, бирок региондордо бул дале көйгөй. Жайында гана эки-үч айга бозүйлөрдү тигишип, үйлөрүн туристтерге беришет. Анан сезон бүткөндөн кийин эле жыйып салышат экен. Ысык-Көлдө ошондой болуп жаткандан кийин башка облустарда мейманкана дегеле проблема да. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер