Бекназаров дипломатиядагы эрежени бузуп, эрке элчиге айланганда
Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси Азимбек Бекназаров өлкөбүздөгү саясый процесстерге байма-бай аралашып, интервью берип, кайрылууларды жасап келет. Атургай президент Садыр Жапаровго акыл айтып, өзүн тим эле пайгамбар сезип кеткеничи? Негизи башка элчилер өздөрүнө тийешелүү ыйгарым укуктары менен гана иштеп атышат. А эмнеге Бекназаров дипломатиядагы эрежени, этиканы сактабайт? Бул жагынан түшүнбөгөндөр арбын, кала берсе, нааразы тараптар да таңгалып отурушат. Президенттик аппарат ушул маселе боюнча мыйзамга ылайык чара көрөбү? Мамлекеттик кызматкер ашкере саясатташып, Малайзияда жатып алып, акыл үйрөтө берсе, бул оргу-баргы жүрүш, чектен чыккандык да, туурабы? Чындыгына келсек, Бекназаровдун акылына, кеңешине эч ким муктаж эмес!
Ток этерине келсек, Малайзиядагы жумушу боюнча Азимбек мырза эмнеге мактана албайт? Ал жактан кыйраткан эмгек кылбаса, аргасыздан эски адатына салып, популизм оорусу менен өзүн сооротуп аткан кербезиби? Айтор, көпкө узабай калды го...
"Азия Ньюс" гезити