Күйөөм айламды кетирди, жалгызсырайм, чарчадым

Чындыгында мен чекит коюп, ажыраша албай жатам. Жолдошум экөөбүз эки жылдан бери урушуп келебиз, баары анын карызынан улам. Бул акчаны кайда салып жатканын түшүнбөйм, кеп миллиондор жөнүндө, ал дегеле түшүндүрүп бербейт. Ошондон улам экөөбүздүн ортобузда чоң уруш чыкты, мен чет өлкөгө кеттим, иштедим, бирок ага акча салбадым, балдардын керектүүсүнө гана бир аз салып турдум. Ал күзүндө баарын таштап, башка мамлекетке кетип калган, андан да көбүрөөк карызга батып калганын билдим. Туугандарынын баары мага телефон чалышты. Бирөөнүн батири, унаасы күрөөгө коюлганын билдим. Менин тууганыма да карыз. Буга чейин да күйөөм ушинтип күтүлбөгөн жерден эле кетип калып, бардык карыздары билинген болчу, эми кайра карасанатайлык кылды. Мен ага жооп бербей койдум, ансыз деле күйүп кеттим, ушунча карызга батып тургандай, молчулукта жашап, квартира же машине болсо жакшы болмок. Бирок бизде эч нерсе жок. Мен чет өлкөдөн келгенден кийин кечирим да сураган жок. Балдар менен апам аркылуу байланышат. Ушунчалык көңүлүм калгандыктан, анын ар бир сөзү ачуумду келтирет. Такыр ишеничим калбады. “Изменасын”, башкалар менен жазышкандарын кечирдим. Көбүнчө түн ичинде жок болуп кетчү. Эң таарынганым – ал мага дайыма калп айтып жүргөнү. Сүйлөшпөй калгандан бери жаным ушунчалык жеңил жана тынч болуп калды.
Бирок акыркы убакта абдан жалгызсырадым, чарчадым, күйүп кеттим, уйкусуздук жана башым ооруп кыйналдым. Кантип баарын унутуп, өзүмө келеримди билбейм. Балдар үчүн кечирип, жашай аларыма ишенбейм. Анан ал тараптан эч кандай аракет көрбөдүм. Мындай адамдар өзгөрбөйт окшойт.
Адинай
"Азия Ньюс" гезити