Аскар Сыдыков: “Экономиканы көтөрүү үчүн ишкерлерге көбүрөөк ишенич берели”
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору менен маек.
-- Өкмөт жылыга салыктарды, тарифтерди көбөйтүү менен гана алектенбей, экономикалык программасын иштеп чыкса болот беле?
-- Өкмөттүн экономикалык программасы бар. Ал жаңылбасам 2021-жылы кабыл алынган. Бир нече жылдык экономикалык программанын ишкердик повесткасы кабыл алынган. 2040-жылга чейинки улуттук өнүктүрүүнүн стратегиясы иштеп жатат. Бирок, ошол стратегиялык программалардын баарын жаңыртыш керек. Себеби, жыл сайын эмес, кээде ай сайын абал өзгөрүүдө. Дүйнөдө, өлкөдө да, региондордо дагы экономикалык саясый соода абалы өзгөрүп турат. Ошондуктан программалардын баарын жаңыртып туруу зарыл. Бизнес коомчулугу эл менен кеңешип туруп, тийиштүү программанын негизинде иш-чара, пландарды кабыл алып, ошол пландарды аткарып, аны аткарууда дагы эгер мүчүлүштүктөр байкалса, аны түздөп, ошол саясатка өзгөртүүлөрдү киргизип, иш алып баруу зарыл. Дагы бир белгилеп кетчү жагдай, акыркы жылдары мамлекет тарабынан экономиканын ролу чоңоюуда. Бул бир жагынан жакшы болушу мүмкүн. Социалдык камсыздоону жогорулатып, жаңы объектилерди салуу маанилүү. Экинчи жагынан, бул жеке сектордун ролун азайтат жана ишкердикти, жаңы ишканаларды баштоо, аларды илгерилетүүдө, чоңойтууда, балким, дем бербейт. Ишкерлер айрым учурда “мен мамлекеттик ишканаларда эле иштей берейин” деген ойдо калышы мүмкүн. Же ошол эле акчаларын башка өлкөгө салышы ыктымал. Сыртка чыгып кеткен капиталдар абдан көп. Ошол абалды эске алып, мүмкүн, мамлекеттин экономикадагы жөнгө салуусун азайтып, жеке секторлорго көбүрөөк жеңилдик берип, эркин экономиканы түзгөнгө аракет кылсак деген ойдомун. Себеби, ошол эле салыктар бүгүн жакшы түшүп жатса, эртең экономиалык абал өзгөрүп, анчалык түшпөй калышы мүмкүн. Ошон үчүн эркин экономикалык абалды да ойлоп, “канчалык көбүрөөк ишканалар ачылса, ошончолук жакшы” деп жеке менчиктин корголушуна, ишкерлерге көбүрөөк ишенич бериш керек.
"Азия Ньюс" гезити