Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жазда саясый кырдаал кандай болот? Оппозициянын биригүүсү иш жүзүнө ашабы?

Жазда саясый кырдаал кандай болот? Оппозициянын биригүүсү иш жүзүнө ашабы?

25-декабрь, 13:59
658 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бизде ар бир шайлоо жөн өтпөй калган. Эгемендик алган күндөн ушундай жаман адатты жакшы өздөштүрдүк. Өтпөй калган партия же талапкер сөзсүз түрдө бийликке нааразы болуп, анысы аз келгенсип, элди көчөгө чыгарганга үлгүрүшөт. Ал эле эмес дүрбөлөң, акыр-аягы бийлик алмашууга чейин барат. Бу жолку шайлоону бийлик “таза өткөрөбүз” дешти эле, ал да өз максатына жетпей калдыбы же?.. “Жоону сайса ким сайды, аты калда Манаска” дегендей, баягы эле президент “күнөөлүү” болуп атат. 

“Бийликке каршы күчтөр жазга карата даярданышып, каршылык көрсөтүшөрү болжонууда. Оппозициянын биригүүсү иш жүзүнө ашабы? Мындан ары саясый кырдаал кандай нукта өнүгүшү мүмкүн?” деген собол таштадык.

Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер:

-- Бул азырынча ушак эле болсо керек, болгону парламенттик шайлоонун айланасынан чыккан кептер да. Анткени, бийлик “шайлоону болуп көрбөгөндөй таза өткөрөбүз” деп коюшуп, шайлоо жүрүшүндө серверге шылтоолоп, “ката кетип калыптыр” дегендей сөздөр коомчулукка күмөн жаратып койду. Ушундан улам шайлоого катышкан 4-5 партия “биз шайлоого ишенбейбиз” деп коомчулукка жар салып ийди. Ошол 4-5 партия лидерлери менен бийлик отура калып, бир кепке келгендин ордуна Текебаевге кол салышты, Бектур Асановду 2-3 жолу суракка чакырып ийди. Анысы аз келгенсип, “утулуп калган партиялар жөн эле  чычалап атат” дегенге өтүштү. Муну байкап турган эл “баягы эле Атамбаевдин доору кайталанып атат” деген ойдо калышты... Башыман көп нерселерди өткөргөн адам катары айтайын, революцияны, төңкөрүштү эч качан оппозиция кылган эмес. Революциянын болушуна ар дайым бийлик түрткү болгон. 

Кечээ Аскар Акаев келди. Кумтөр боюнча көрсөтмөсүн берип кетти. Буга чейин Аскар Акаевдин интервьюларында Акылбек Жапаровго көрсөтмө берип, “Кумтөр менен Акылбек Жапаров сүйлөшкөн” дегендери бар. Акылбек болсо “Кыргызстандын ушуга чейинки президенттери Кумтөрдө үлүшү бар болчу” деди. Эми Аскар Акаевдин үлүшүн аташ керек. Атай албаса, Аскар Акаев Акылбек Жапаровду сотко бергенге толук кандуу укугу бар. Бу жагы кандай болот?.. 

Учурда кыштан кандай чыгуу маселеси бар. Шайлоонун учурунда бийликтин айласы кеткенде көмүрдүн тоннасын 3000 сомго түшүрүп, “добуш бергиле” дешти. Эми канчалык жазга чейин кармап беришет, кептин баары ошондо. “Төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун” болуп калбаса болду. Элдин баары жазында нааразы болуп көтөрүлсөчү? Жоопсуз калган суроолор көп...

Исмаил Исаков, коомдук ишмер:

-- Бийликке каршы кайсы күчтөр даярданып, жазда каршылык көрсөтөрү боюнча менде маалымат жок, чынында билбейт экенмин. Оппозиция биригеби-бирикпейби, азырынча менин ишим жок. Өзүбүздүн партиябыз жана позициябыз боюнча айтсам, биз шайлоону бурмалоо, фальсификация, добуштарды уурдоо жана сатып алуу жолдору менен өткөндүгүнө байланыштуу тааныбайбыз, бийликтин сөзүн эске алып, БШКга бир нече жолу чектерди, протоколдорду жана бюллетендерди салыштырып, алар менен биргелешип эсептеп, текшерип чыгалы (?) десек уруксат бербей, “макул” деген сөздөрүнө турбай, баш тартып коюшту. Биз сотко бердик, соту да отказ берди, азыр Жогорку сотко бердик. Эгерде мыйзамдуу аракетибиз ишке ашпаса, бизди түртүп көчөгө чыгарып коюшса, анда биз сыртта, өтпөгөн партиялар менен бирге квотаны бөлүштүрүп, элдик парламент түзүп, маселелерди кабыргасынан коюп, чечимди кабыл алып, аткаруу бийлигине бере беребиз. Элибизге кайсы парламент – бийликтин легитимсиз парламентиби же азчылыктын элдик парламентиби (?) деп салыштырганга мүмкүнчүлүк беребиз. Андан кийинки кадамдар шартка жараша болот буюрса. 

Феликс Кулов, коомдук ишмер:

-- Менимче, келерки жазда мамлекетибиз тынч эле болот. Себеби, илгерки Акаевдин же Бакиевдин тушундагыдай күчтүү оппозиция жок. Андайдын карааны да көрүнбөйт. Элибиз дагы бир төңкөрүштү колдобойт, тынч жашоону самап турушат,  козголоңдон чарчашты. Азыр биринчи орунда саясат эмес, экономика турат. Канткенде мамлекетибиз кыштан чыгат? Андан ары жаз алды жаңы тиричилик. Азык-түлүк кымбат, курулуш материалдарына болгон баа күн сайын көтөрүлүүдө. Ички-тышкы миграцияны кантип токтотуу керек? Ошондой эле инвестиция тартуу ж.б. маселелер толтура. Бийлик мына ушулар менен алек болгону оң.

Урмат Акунов, жарандык активист:

-- Оппозициялык кыймыл козголуп, бул шайлоодо биригимиш болду. Бирок, оң канат, сол канат болуп, эки жээкте тургансыйт. Ошол эле учурда бийликтин жазга чейин толук үч ай убактысы бар. Өкмөт, президенттик администрация саясатты туура жүргүзүп, кымбатчылыкка, бюджеттик дефицитке, ар кандай сасый чыңалууларга жол бербей, кырдаалды туура көзөмөлгө алуусу шарт. Эгер андай болбосо, оппозициялык кыймыл күчүнө киришине бийлик мүмкүнчүлүк ачып берип коёт. Мындан тышкары, сырткы күчтөр карап турушат. Алар оппозицияны колдойбу-колдобойбу, лидерлери тазабы-таза эмеспи (?) деген маанай жаратышууда. Бир сөз менен айтканда, сырткы күчтөр таза, конструктивдүү оппозицияны колдой турганы айдан-ачык көрүнүп калды.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер