Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташиев “сүзүп” койгондон кийин Масадыков оңбой калыптыр

Ташиев “сүзүп” койгондон кийин Масадыков оңбой калыптыр

29-сентябрь, 11:57
1 553 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Баткенде согуш башталганда ишмердигин көрсөтө албады. Алтургай элибиздин таламын талашпай койду, жарытылуу сөз да айткан жок. “Аты улук, супарасы курук” креслодо эмне кылып отурат? Көрсө, жеке керт башын жарнамалоо үчүн тили гана иштейт тура. А реалдуу кызматта, элдин жүгүн тартууда нөл! Айтмакчы, алгач коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болгондо маек берип, Камчыбек Ташиевге тийише койгон эле. Ич ара териштирүүлөр катуу жүргөнүн укканбыз. Кийин билдик, ошондо Ташиев катуу “сүзүп” коюптур, баш көтөргүс кылып. Бир күйгөн оттой эле өчүптүр... Эми маанисиз кызматтын атын жамынып, кайкалап жүрө бербей кетпейби? Ушул сыяктуу кадрлар Акүйгө толуп алышып, бийликтин рейтингин түшүрүп бүтүшкөнү калышты... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер