Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Кендирбаева элди кыйнабай кете бербейби?

Министр Кендирбаева элди кыйнабай кете бербейби?

21-февраль, 19:33
1 535 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир ай аралыгында эле Кара-Сууда, Бишкекте, Кантта мектеп окуучулары рэкетчиликтин кесепетинен ур-токмокко кабылышып, каза табышты. Нарында да катуу сабалган бала жандардыруу бөлүмүнө түшкөнүн уктук. Мындай көрүнүштөр көңүл оорутат. Коомчулукта чоң талкуулар жаралды. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектеп директорлорун, тийешелүү мугалимдерин жумуштан кетирүүгө жетишти. Муну менен көйгөй чечилеби? Арга кеткендеги иш да. Министр айым түштөн кийин мугалимдерди жазалоого барбай, алдын ала профилактикалык, үгүт-насаат демилгелерин ишке ашырып, таалим берүүнү жолго салса болмок. Албетте, балага тарбияны ата-энеси берет. Ошого катар мектептен да кылык-жоругу, кулк-мүнөзү калыптанат эмеспи. Чыныгы агартуучулук ыкма менен өспүрүмдөргө жол көрсөтүү вазыйпасы министрликтен башталып, бала бакчага чейин уланышы керек. Тилекке каршы, Догдуркүл Кендирбаевын ашыкча идеясы, дарамети жок, баягы эскиче башкаруунун нугунда күн өткөрүүдө. Илим, билим жаатында чечилбеген маселелер арбын, тоодой түйшүктөрдүн чети оюлбай турат. Министр айым болсо иштеп аткандай түр көрсөтүп, бирок жалпы билим берүүдөгү абалды оңдой албай, шаштысы кетип калганы байкалууда. Өзүн да, элди дагы кыйнабай, кете берсе кандай? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер