Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңы министрдин шайланышы менен бир катар аткаминерлер кызматтан кетти

Жаңы министрдин шайланышы менен бир катар аткаминерлер кызматтан кетти

06-сентябрь, 19:35
280 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуу Британиянын маданият, маалымат жана спорт министри Надин Доррис баш болгон бир катар аткаминерлер Лиз Трасс өлкөнүн премьер-министрин шайлоодо жеңип чыкканын уккан соң ээлеген кызматынан кетишти. Бул тууралуу “Sky News” басылмасына шилтеме берип  “РИА Новости” жазды. 

Маалыматка караганда, Дорриске министр бойдон калуу сунушталган, бирок ал андан баш тартты.

"Дал ушундай чечимди ички иштер министринин орун басары Стивен Макпартлэнд жана министрлер кабинетинин катчылыгынын кызматкери Найджел Адамс кабыл алды. Буга чейин ИИМ башчысы Прити Пател кызматтан кетүү боюнча арыз жазган" деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Улуу Британиянын жаңы премьер-министри болуп Лиз Трасс шайланган. Өлкөдөгү консерваторлор партиясынын комитет жетекчиси Грэм Брейди талапкер Трасс 81,3 миң добуш алганын жар салган. Ал бүгүндөн тарта ишке киришет.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер